Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 10 июлу № 326-б
Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты жана достук мамилелерди өнүктүрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият, искусство, жаштар, спорт жана жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтү,
өз ара урматтоо жана тең укуктуулук негизинде эки элдин ортосундагы достук мамилелерди жана кызматташууну өнүктүрүүнү жана чындоону каалашып,
Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы кызматташууну чыңдоого чоң маани берип,
бардык элдердин улуттук маданияттарынын бирдей абройлорун таанып жана алардын ар биринин этномаданий өз алдынчалуулугун сыйлоо принциптеринде өз ара маданий баюусуна көмөк көрсөтүүгө умтулуп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Тараптар ушул Макулдашууга жана өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык, музыкалык, театрдык, көркөм искусство, китепкана жана музей иштери, маданий мурас объектилерин коргоо, элдик кол өнөрчүлүк, көркөм колдонмо, өздүк, эстрадалык жана цирк искусствосу, ошондой эле чыгармачылык иштердин башка түрлөрү жаатында өз ара байланышты ишке ашырышат.
Тараптар мындан ары кызматташууну өнүктүрөт жана ушул максатта, зарылдыкка жараша маданият жаатында тараптардын өз ара аракеттенүү маселелери боюнча маалыматтык жана ченемдик укуктук базаны түзүшөт.
Мүмкүнчүлүккө жараша каалаган Тарап, өзүнүн мекемелеринин базасында экинчи Тараптын студенттери жана эксперттери үчүн маданият, искусство, спорт, жаштар жана жалпыга маалымдоо каражаттары жаатында окутууну, адистештирүүнү' жана изилдөөлөрдү камсыздайт.
Тараптардын мамлекеттеринин аймагында болуп жаткан маданий турмуштагы окуялар (семинарлар конкурстар, конференциялар,коллолвиумдар,тегерек столдор, сессиялар, фестивалдар жана башка формалар) жөнүндө Тараптар маалымат алмашат жана өз өкүлдөрүнүн бул иш-чараларга катышуусуна көмөк көрсөтүшөт
Тараптар ушул Макулдашууга жана өз мамлекеттерин улуттук мыйзамдарына ылайык өз мамлекеттеринин аймагына мыйзамсыз алып келинген жана ташып чыгарылган маданий баалуулуктарды аныктоо жана кайра кайтаруу боюнча маалымат алмашат жана мыйзамсыз ташылып чыккан маданий баалуулуктарды кайтарууга көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар эстеликтерди жана маданий мурас объекттерин кайтаруу, коргоо жана реставрациялоо жаатында кызматташат, маданият чөйрөсүндө биргелешкен кыргыз-индия эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар салттуу маданият жана көркөм элдик кол өнөрчүлүк, элдик чеберлердин көргөзмөлөрүн, элдик чыгармачылык фестивалдарын уюштуруу жаатында байланышка өбөлгө түзүшөт. фольклордук жамааттардын Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өткөрүлүүчү иш-чараларга жана элдик майрамдарга катышуусуна көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар кызматташууну тереңдетүү максатында мамлекеттин маданиятына, тарыхына, географиясына, коомдук-саясий өнүгүусунө тиешелүү архивдик жана башка материалдар менен аларды маданият изилдөө процесстеринде колдонуу максатында алмашат.
Тараптар басма иши, китептерди чыгаруу, көркөм, илимий жана атайын адабияттын чыгармаларын которуу жана башка басылма продукцияны чыгаруу, ошондой эле китеп жарманкелерин уюштуруу жана өткөрүү жаатында кызматташууну колдошот.
Тараптар мекемелер жана уюмдар ортосундагы спорт жана дене тарбия жаатындагы кызматташууну, анын ичинде мелдештерди уюштурууну жана ушул жаатта маалымат алмашууну колдошот.
Тараптар жаштар программаларын алмашууну, Тараптардын мамлекеттеринде өткөрүлүүчү фестивалдарга жаштардын катышуусун, жаштар иштери боюнча кызмат адамдарынын визиттерин, жаштар иштери боюнча кызматташуу чөйрөлөрүндө тажрыйба, көндүмдөр, методдор, маалымат жана билимдерди алмашууну жана Тараптардын мамлекеттеринде жаштар иштери боюнча уюштурулган семинарларга жана конференцияларга жаштардын катышуусун колдошот жана көмөк көрсөтүшөт
Тараптар жаштар саясаты чөйрөсүндө кызматташат, Тараптардын мамлекеттеринин маданият жаатындагы балдар чыгармачылыгына байланышкан жана жаштардын суроо-талабына жана кызыкчылыктарына жооп берген программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууну колдошот.
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында иш-чараларды ишке ашыруунун финансылык шарттарын ар бир конкреттүү иш-чара үчүн тартылган министрликтердин жана ведомстволордун тийиштүү жылга бюджеттеринин алкагында макулдашат.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга карата пикир келишпестиктерди Тараптар аларды консультацияларды өткөрүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечишет.
Ушул Макулдашуу алар катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана жаңы Макулдашууга кол коюлганга чейин колдонулат. Эгерде Тараптардын бири Макулдашуунун мөөнөтү аяктаганга алты ай калганга чейин дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка Макулдашуунун аракетин токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирсе Макулдашууну колдонуу токтотулушу мүмкүн.
шаарында 2015-жылдью « » июлунда ар бири кыргыз, англис жана орус тилдеринде эки туп. нускада түзүлдү, мында баардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
| Индия Республикасынын Өкмөтү үчүн
|