Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 30-июлу, № 362-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кол коюлган жана Эл аралык валюта фондунун Аткаруучу кеңеши тарабынан бекитилген 2015-2018-жылдарга экономикалык жана фискалдык саясат боюнча меморандумда каралган чараларды өз убагында жана натыйжалуу ишке ашыруу максатында:
1. Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды кайра структуралаштыруу боюнча агенттикке (ДЕБРА) атайын аудит жүргүзүү үчүн аудитордук компанияны тандоо боюнча конкурстук комиссия (мындан ары - конкурстук комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Конкурстук комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
3. Конкурстук комиссия Дүйнөлүк банктын сатып алуулар эрежелерине ылайык аудитордук компанияны тандоону жүргүзсүн.
4. Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды кайра структуралаштыруу боюнча агенттиктин (ДЕБРА) директоруна тандалып алынган аудитордук компания менен контрактка кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Приложение
Аалиев А.К.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы, конкурстук комиссиянын төрагасы; |
Ли А.Ч.
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы көзөмөл башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: | |
Исабекова Н.Ж. | - Кыргыз Республикасынын (Финансы министрлигинин мамлекеттик карыз башкармалыгынын бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу; |
Махиева Л.Т. | - "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомунун - Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды кайра структуралаштыруу боюнча агенттиктин (ДЕБРА) кредиторлордун талаптарын канааттандыруу боюнча тобунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Абдрахманов К.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестициялык саясат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк бөлүмүнүн башчысы. |