Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 12-августу, № 388-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы менен Афганистан Ислам Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдөгү өз ара кызматташтык, в жөнүндө меморандумдун мамлекеттик тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
Т.А. Сариев |
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы менен Афганистан Ислам Республикасынын Ички иштер министрлиги,
Мындан ары "баңгизаттар" деп аталуучу баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү Кыргыз Республикасы менен Афганистан Ислам Республикасынын жарандарынын ден соолугуна жана жыргалчылыгына олуттуу коркунуч келтирип жана ар кандай коомдун саясий, экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөсүнө таасир тийгизген көйгөй болуп санала тургандыгын таанышып,
1972-жылдагы Протоколдун кийинки өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен 1961-жылдагы баңгизат каражаттары жөнүндө Бирдиктүү Конвенциянын, 1971-жылдагы психотроптук заттар жөнүндө Конвенциянын, 1988-жылдагы баңгизаттар жана психотроптук каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө Конвенциянын жоболорун эске алышып,
Баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган натыйжалуу чараларды кабыл алууга жана бул багыттагы кызматташтыкка көмөк көрсөтүүгө өз ара кызыкчылыктарын билдиришип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1. Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү максатында кызматташат, алар төмөнкү чөйрөлөрдү камтышы керек:
- баңгизаттар жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү менен байланышкан маалыматтарды алмашууну;
- баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө тартылган кылмыштуу уюмдардын, топтордун жана адамдардын иш-аракетин табуу, алдын-алуу жана бөгөт коюу боюнча зарыл чараларды кабыл алууда өз ара жардамдашууну;
- улутуна карабастан баңгизаттарды мыйзамсыз өндүрүүгө, ташууга, сактоого жана сатууга тартылган адамдар, топтор жана/же алардын уюмдары боюнча, ошондой эле алардын кылмыштуу иштеринин ыкмалары жана жолдору жөнүндө маалыматтарды өз ара алмашууну;
- жолугушууларды, конференцияларды жана тренинг семинарларды уюштурууну, алардын алкагындагы иш тажрыйбасы менен бөлүшүүнү;
- материалдык жана техникалык өз ара жардам көрсөтүү жана консультация берүү, ошондой эле эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жардам кылууну;
- баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз ташууга байланышкан кылмыш иштерин болтурбоого багытталган биргелешкен пландарды иштеп чыгууну;
- тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык баңгизаттардын жана/же алынган баңгизаттардын эксперттик анализинин үлгүлөрү менен алмашууну.
2. Тараптар ушул Меморандумдун чегинде маалымат алмашууну эки тараптын биринин, суралган маалыматтын эки тараптын бирине кызыктуу болушун болжолдогон суроо-талабы же демилгесинин негизинде жүргүзүүгө ниеттенет.
3. Тараптар ушул Меморандумдун чегинде маалыматтарды алмашуу үчүнчү жактар үчүн жабык кызматтык маалымат болуп санала тургандыгын туура көрүшөт, бул маалымат үчүнчү жакка эки тараптын макулдугу менен гана берилет.
4. Тараптар ушул Меморандумда каралган кызматташтыкты жүзөгө ашырууну кайра кароо жана аны андан ары өнүктүрүү максатында жумушчу жолугушууларды уюштурат жана өздөрүнүн өкүлдөрү менен өз ара алмашышат.
5. Кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Тараптар мыйзамдарды жана башка жөнгө салуучу юридикалык документтерди, аларды жүзөгө ашыруу тажрыйбасы менен байланышкан материалдарды, статистикалык маалыматтарды, баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүгө милдеттүү, анын ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө контролдук кылуу маселелери боюнча усулдук сунуштарды алмаша алышат.
6. Өз ара кызматташтык жөнүндө ушул Меморандум Тараптардын кызматташтыгынын өз ара алгылыктуу башка формаларын өнүктүрүүгө тоскоолдук кылбайт.
7. Ушул Меморандум, кандайдыр бир юридикалык милдеттенмелерди аткарууну талап кылбайт. Тараптардын башка эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан, ошондой эле укуктук мыйзамдардан, ченемдик документтерден жана колдонуудагы тажрыйбадан келип чыккан укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
8. Ушул Меморандум эки тарап кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана эки Тараптын бирөөсү өзүнүн аракетин токтото тургандыгы жөнүндө башка Тарапка билдирмейинче күчүндө болот. Ушуну менен бирге бул Меморандум кат түрүндөгү билдирүү келгенден 3 ай өткөндөн кийин күчүн жоготту деп табылат.
9. Меморандум __________________________________ шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, англис жана дари тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Аны чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
2015-жылдын "______" кол коюлду.
______________________________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы үчүн | ________________________________ Афганистан Ислам Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн
|