Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 29-июлу, № 358-б
Агрардык өндүрүштү каржылоону оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. "Агрардык өндүрүштү - сатуу чынжырчасын каржылоо, биринчи этап - BMZ №№ 2013 654 44 жана 2013 700 14" долбоору боюнча Кыргыз Республикасына KfWтин финансылык колдоо көрсөтүүсү жөнүндө келишимдин тиркелген расмий тилдеги (расмий эмес котормо) долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен аталган Келишимге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |