Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 13-августу, № 376
Ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 2015-жылдын 30-июнундагы жыйынына катышпагандыгы үчүн төмөнкү адамдарга эскертүү берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Секимов Бактыбек Шайыкбековичке;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министринин орун басары, Полотова Жылдыз Арстанбековнага;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы, Борубаев Самат Нарматовичке;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы, Шамшиев Абдухалык Абдулхаевичке.
Негиз: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2015-жылдын 1-июлундагы № 02-1/7252 каты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматтык каты.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |