Редакцияот 20.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 20-августу, № 405-б

Ош - Баткен - Исфана автомобиль жолунун 108-123 км болгон Көк-Талаа - Пүлгөн участкасын куруу долбоорун бүтүрүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 299-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Ош - Баткен - Исфана автомобиль жолунун 108-123 км болгон Көк-Талаа - Пүлгөн участкасын куруу долбоору боюнча калган иштерди каржылоого Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бюджетинин чегинде 3 668 050, 0 (үч миллион алты жүз алтымыш сегиз миң элүү) АКШ долларын (салыктарды эсепке алуу менен) бөлсүн, анын ичинде;

2015-жылга - 794 103, 0 (жети жүз токсон төрт миң бир жүз үч) АКШ долларын;

2016-жылга - 2 873 947, 0 (эки миллион сегиз жүз жетимиш үч миң тогуз жүз кырк жети) АКШ долларын.";

- 3-пункттагы «2014» деген цифралар «2015» деген цифрапар менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев