Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 8-сентябры № 432-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын ирригациялык системасын реконструкциялоо долбоорунун техникалык-экономикалык негиздеме иштерин жүргүзүү боюнча алмашуу каттарынын тиркелген долбоорлору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрине жогоруда аталган алмашуу каттарына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугун берүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| Т.А. Сариев |
"Кыргыз тараптын алмашуу катынын долбоору
Кыргыз Республикасындагы
Кытай Эл Республикасынын
Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси
Улуу урматтуу
Ци Даюй мырзага
Улуу урматтуу мырза,
Сиздин төмөнкү мазмундагы катыңызды алгандыгымды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ырастайм:
"Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн атынан 2015-жылдын 26-мартында кол коюлган, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу техника-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташтыктын алкактары жөнүндө макулдашуунун алкагында чын ыкластан бир туугандык кеңешүүлөр аркылуу эки тарап төмөндөгүлөр жөнүндө келишимге келишкендигин ырастайм:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроолоруна ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Ирригациялык системаны реконструкциялоо долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча иштерди жүргүзүүгө долбоор бекитилгенге чейин макулдугун берет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТЭНди иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон негизги маалыматтарды берүүгө, кытай тараптын ишине көмөк көрсөтүү үчүн уюмду же мекемени дайындоого милдеттенет. Эгер ТЭН долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн далилдесе, тараптар долбоорду бекитүү жөнүндө кошумча макулдашууга кол коюшат.
2. ТЭНди иштеп чыгуу иштерин аткаруу үчүн Кытай Өкмөтү Ирригациялык системаны реконструкциялоо долбоору боюнча экспедиция жүргүзүү үчүн эксперттик топту жиберүүгө даяр. Кыргызстандын Өкмөтү көмөктөшүү максатында, экспедиция жүргүзүлүп жаткан учурда керектүү сандагы техникалык жумушчулар тобун жөнөтөт, иш жүрүп жаткан жерде кытайлык эксперттердин коопсуздугун камсыздайт, кытайлык эксперттердин тобун бекер транспорт, ошондой эле экспедицияны жүргүзүү учурунда жумуш ордунда техникалык материалдар менен камсыздайт, кытай эксперттеринин келүүсү-чыгуусу боюнча документтерди даярдоого көмөк көрсөтөт, экспедицияга керектүү техниканын жана жабдуулардын келүүсү-чыгуусу боюнча керектүү документтерди даярдоого көмөк көрсөтөт жана ушул техниканы, жабдууларды бажы салыктарынан бошотот.
3. Жогоруда аталган ТЭН иштерин аткарууга сарпталуучу 825 миң кытай юаны Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2012-жылдын 4-декабрында түзүлгөн техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган гранттык каражаттардын эсебинен төлөнөт. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген ушул катка жана Сиздердин жооп катыңызга ылайык 4 нускада эсептешүү инвойсун жөнөтүү менен Кытай Мамлекеттик өнүгүү банкы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дайындаган орган аркылуу бир жолку эсептешүүнү жүргүзөт.
Эгерде Сиз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда айтылгандарды жооп катыңыз менен ырастасаңыз жана Сиздин Улуу урматтуу, ушул жооп катыңыз Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишимди түзөт.
Терең урматтоо менен,".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуу урматтуу, Сиздин жазган катыңыздын мазмуну менен макул болгондугун ырастайм.
Буга байланыштуу Улуу урматтуу Сиздин катыңыз жана ушул жооп катыңыз биргелешип Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишимди түзөт.
Терең урматтоо менен,
Кытай тараптын алмашуу катынын долбоору
Улуу урматтуу,
Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн атынан 2015-жылдын 26-мартында кол коюлган, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу техника-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташтыктын алкактары жөнүндө макулдашуунун алкагында чын ыкластан бир туугандык кеңешүүлөр аркылуу эки тарап төмөндөгүлөр жөнүндө келишимге келишкендигин ырастайм:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроолоруна ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Ирригациялык системаны реконструкциялоо долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча иштерди жүргүзүүгө долбоор бекитилгенге чейин макулдугун берет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТЭНди иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон негизги маалыматтарды берүүгө, кытай тараптын ишине көмөк көрсөтүү үчүн уюмду же мекемени дайындоого милдеттенет. Эгер ТЭН долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн далилдесе, тараптар долбоорду бекитүү жөнүндө кошумча макулдашууга кол коюшат.
2. ТЭНди иштеп чыгуу иштерин аткаруу үчүн Кытай Өкмөтү Ирригациялык системаны реконструкциялоо долбоору боюнча экспедиция жүргүзүү үчүн эксперттик топту жиберүүгө даяр. Кыргызстандын Өкмөтү көмөктөшүү максатында, экспедиция жүргүзүлүп жаткан учурда керектүү сандагы техникалык жумушчулар тобун жөнөтөт, иш жүрүп жаткан жерде кытайлык эксперттердин коопсуздугун камсыздайт, кытайлык эксперттердин тобун бекер транспорт, ошондой эле экспедицияны жүргүзүү учурунда жумуш ордунда техникалык материалдар менен камсыздайт, кытай эксперттеринин келүүсү-чыгуусу боюнча документтерди даярдоого көмөк көрсөтөт, экспедицияга керектүү техниканын жана жабдуулардын келүүсү-чыгуусу боюнча керектүү документтерди даярдоого көмөк көрсөтөт жана ушул техниканы, жабдууларды бажы салыктарынан бошотот.
3. Жогоруда аталган ТЭН иштерин аткарууга сарпталуучу 825 миң кытай юаны Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2012-жылдын 4-декабрында түзүлгөн техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган гранттык каражаттардын эсебинен төлөнөт. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген ушул катка жана Сиздердин жооп катыңызга ылайык 4 нускада эсептешүү инвойсун жөнөтүү менен Кытай Мамлекеттик өнүгүү банкы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дайындаган орган аркылуу бир жолку эсептешүүнү жүргүзөт.
Эгерде Сиз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда айтылганды жооп катыңыз менен ырастасаңыз жана Сиздин Улуу урматтуу ушул жооп катыңыз Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишимди түзөт.
Терең урматтоо менен,".