Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 28-октябры № 542-б
2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан Республикасы) болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына киргизиле турган документтердин долбоорлору тиркелген тизмеге ылайык жактырылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарынын 2014-жыл үчүн бирдиктүү бюджетин аткаруу жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кенешинин чечиминин долбоору.
2. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарынын 2015-жыл үчүн бирдиктүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин чечиминин долбоору.
3. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетине үлүштүк төгүмдөрүнүн өлчөмдөрүн өзгөртүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин чечиминин долбоору.
4. 2016-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарынын бирдиктүү бюджети жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин чечиминин долбоору өзгөчө пикир менен.
5. КМШга катышкан мамлекеттердин экономикасын өнүктүрүүнүн негизги максаттуу макроэкономикалык көрсөткүчтөрү жөнүндө КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин 2010-жылдын 19-ноябрындагы чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин чечиминин долбоору.
6. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин баалуу кагаздар рынокторун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин чечиминин долбоору.
7. Россиянын И.М.Губкин атындагы газ жана нефть мамлекеттик университетинин базасында кыймылдаткыч отуну катары жаратылыш газын өндүрүү, транспортировкалоо, сактоо жана пайдалануу жатында КМШга катышкан мамлекеттердин адистерин даярдоо, кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча Эл аралык окуу борборун түзүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин чечиминин долбоору.
8. Электр энергетика чөйрөсүндөгү кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча "МЭИ'' улуттук изилдөө университети" жогорку билим берүүчү федералдык мамлекеттик бюджеттик билим берүү уюмуна Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин базалык уюмунун статусун берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин чечиминин долбоору.
9. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү билим берүү боюнча КМШга катышкан мамлекеттердин базалык уюму жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин чечиминин долбоору.
10. КМШга катышкан мамлекеттердин транспорттук каражаттары үчүн мотордук күйүүчү отун катары жаратылыш газын пайдаланууну өнүктүрүү жана өбөлгөлөө боюнча 2020-жылга чейинки мезгилге комплекстүү чаралар жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин чечиминин долбоору.