Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 28-октябры № 540-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) Бишкек шаарындагы Борборунун ортосундагы "Жөнгө салуунун тутумдук талдоосу" жөнгө салуучулук реформа долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине аталган Протоколдун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |