Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-октябры № 526-б
Спортчулардын жогорку натыйжаларга жетүүсүнө дем берүү жана мотивациялоо максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине Кыргыз Республикасынын VII спартакиадасынын жеңүүчү командаларын жана байге ээлерин сыйлоо үчүн 1,0 (бир) миллион сом бөлүнсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |