Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-октябры № 527-б
"Достук" борбордук кичи районунда атайын операция өткөрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ТТАОсунун жаракат алган кызматкерине жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 350 000,0 (үч жүз элүү миң) сом бөлүнсүн:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ТТАОсунун кызматкери Касмалиев Каниетке - 50 000,0 (элүү миң) сом;
- курман болгон Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ТТАОсунун кызматкери Исмаилов Толобектин үй-бүлөсүнө - 100 000,0 (жүз миң) сом;
- курман болгон Сооронбаева Батыштын үй-бүлөсүнө - 100 000,0 (жүз миң) сом;
- курман болгон Какеев Медеттин үй-бүлөсүнө - 100 000,0 (жүз миң) сом.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |