Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-ноябры № 551-б
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги "Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивинин жерлерин өздөштүрүү" ирригациялык объектиндеги негизги курулмаларды курууну 2016-жылдын 1-январына чейин бүткөрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен бирге Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивин куруунун башкы планынын долбоорун иштеп чыгууну 2016-жылдын 1-январына чейин бүткөрүүнү;
- Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивинин жаңы сугат жерлерин максаттуу пайдаланууну жана бөлүштүрүүнү.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө, курулуш. транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |