Редакцияот 08.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 8-декабры № 594-б

2016-жылдагы Көчмөндөрдүн экинчи дүйнөлүк оюндарына карата Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданын реконструкциялоо максатында жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Жарандык турак-жай департаменти (мындан ары - Департамент) Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданын реконструкциялоо (мындан ары - объект) боюнча заказчы катары аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:

- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти долбоорлоо жана реконструкциялоо үчүн түз келишим түзүүгө башкы подрядчыларды аныктоо боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия түзсүн;

- Департаментке ушул буйруктун 1-пунктунда айтылган жумуштарды параллель долбоорлоо менен жүргүзүүгө уруксат берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти долбоорлоого жана реконструкциялоого каражаттарды тапсын жана чыгымдарды каржылоону камсыз кылсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев