Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 11-декабры № 608
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Мындан ары Макулдашуучу тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтү,
Кыргыз Республикасы менен Кувейт Мамлекетинин ортосундагы аба катнашынын өнүгүүсүнө көмөктөшүүнү жана ушул тармактагы эл аралык кызматташтыкка мүмкүн болгон деңгээлде көмөк көрсөтүүнү каалоо менен,
Чикаго шаарында 1944-жылдын 7-декабрында кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндөгү конвенциянын жана Эл аралык аба катнаштарындагы транзит жөнүндө макулдашуунун принциптерин жана жоболорун ушул катнаштарда колдонууну каалоо менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене. Аныктамалар
Эгерде текстте башкача талап кылынбаса, ушул Макулдашуунун максаттары үчүн:
a) "Конвенция" термини 1944-жылдын 7-декабрында Чикаго шаарында кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияны билдирет жана ушул Конвенциянын 90-беренесине ылайык кабыл алынган бардык тиркемени жана 90 жана 94-беренелерине ылайык тиркемелерге жана Конвенцияга бардык түзөтүүлөрдү Макулдашуучу эки тарап ушундай тиркемелерди жана түзөтүүлөрдү кандай өлчөмдө кабыл алса, ошого жараша камтыйт;
b) "Макулдашуу" термини ушул Макулдашууну, ага тиркемени жана Макулдашууга же тиркемеге карата бардык өзгөрүүлөрдү билдирет;
c) "келишимдик линиялар" термини макулдашылган көлөмдөргө ылайык жүргүнчүлөрдү, жүктү жана почтаны ташуу үчүн ушул Макулдашуунун тиркемесинде көрсөтүлгөн маршруттар боюнча үзгүлтүксүз аба ташууларын билдирет;
d) "Авиациялык бийликтер" термини Кыргыз Республикасына карата - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигин, Кувейт Мамлекетине карата - Жарандык авиациянын башкы башкармалыгын же экөөнө карата - учурда ушул органдар аткарып жаткан функцияларды аткарууга ыйгарым укуктуу бардык башка жакты же мекемени билдирет;
е) "аба ташуулары" термини жүргүнчүлөрдү, жол жүктөрүн, жүктөрдү жана почтаны акы төлөп же жалдап, өз-өзүнчө же бирге аба транспорту менен коомдук ташууну билдирет;
f) "дайындалган авиакомпания" термини Макулдашуучу тараптардын бири тарабынан экинчи Макулдашуучу тарапка ушул Макулдашуунун 3-беренесине ылайык жазуу жүзүндө дайындалган жана ушул Макулдашуунун 2-беренесине ылайык макулдашылган маршруттар боюнча аба ташууларын аткарган авиакомпания сыяктуу бардык авиакомпанияны билдирет;
g) "аймак", "аба катнашы", "эл аралык аба катнашы", "коммерциялык эмес максаттар менен токтоо" жана "авиакомпания" терминдери ушул Макулдашуунун максаттары үчүн Конвенциянын 2 жана 96-беренелеринде баяндалган мааниге ээ болушат;
h) "сыйымдуулук" термини төмөнкүлөрдү билдирет:
(i) аба кемелерине карата - ушул аба кемесин маршрутта же маршруттун бир бөлүгүндө жүктөөнү;
(ii) аталган аба кемесине карата - маршрутта же маршруттун бир бөлүгүндө убакыттын белгилүү мезгилинин ичинде мындай аба кемелеринин учууларынын жыштыгына көбөйтүлгөн мындай кызмат көрсөтүүлөрдө пайдаланылуучу аба кемелеринин сыйымдуулугу;
i) "тариф" термини жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү ташуу үчүн акыны, ошондой эле ушул баалар колдонула турган шарттарды, анын ичинде почтаны ташуу үчүн сыйакыны жана шарттарды кошпогондо, агенттиктер жана башка жардамчы кызматтар үчүн бааларды жана шарттарды билдирет;
j) "ырааттама" термини ушул Макулдашуунун тиркемеси болгон же ушул Макулдашуунун 16-беренесинин (3) пунктунун жоболоруна ылайык киргизилген түзөтүүлөргө ылайык маршруттардын таблицасын билдирет. Ырааттама ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана Макулдашууга карата бардык шилтемелер ушул Макулдашууда каралган учурлардан башка ырааттамага дагы шилтемени камтышы керек;
k) "пайдалануучулардан жыйым" термини авиакомпаниялардан аэропорттук мүлктү, аэронавигациялык каражаттарды же авиациялык коопсуздуктун кызматтарын же жабдууларды бергендиги үчүн алына турган жыйымдарды билдирет.
2-берене. Укуктарды берүү
1. Ар бир Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тарапка ушул Макулдашууда каралган укуктарды өзүнүн дайындалган авиакомпаниясына(ларына) ырааттамада (мындан ары тиешелүү түрдө "келишимдик линиялар" жана "белгиленген маршруттар" деп аталуучу) алар үчүн тиешелүү бөлүктө көрсөткөн маршруттар боюнча эл аралык аба катнаштарын белгилөөгө жана иштетүүгө мүмкүндүк берүү үчүн укуктарды берет.
2. Ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы(лары) белгиленген маршруттардагы келишимдик линияларды иштетүүдө төмөнкүдөй укуктарга ээ болушат:
a) башка Макулдашуучу тараптын аймагы аркылуу конбостон учуп өтүүгө;
b) аталган аймакта коммерциялык эмес максаттарда конууга жана;
c) бортко жүргүнчүлөрдүн, почтанын жана жүктүн эл аралык жүктөөлөрүн кабыл алуу жана түшүрүү максатында ырааттамада ушул маршрут үчүн көрсөтүлгөн пунктта же пункттарда, көрсөтүлгөн аймакта конууга;
d) ушул Макулдашууда аталган башка укуктарга.
3. Ушул берененин (1) пунктунда эч нерсе Макулдашуучу тараптын бири дайындаган авиакомпанияга(ларына) экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында акы төлөө же жалдоо боюнча экинчи Макулдашуучу тараптын аймагындагы дайындалган башка пунктка бара жаткан жүргүнчүлөрдү, жүктү жана почтаны бортко кабыл алууга артыкчылык берүү катары каралбайт.
3-берене. Дайындоо жана уруксат берүү
1. Ар бир Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тарапка белгиленген маршруттар боюнча келишимдик линияларды иштетүү максатында бир же андан ашык авиакомпанияларды жазуу жүзүндө дайындоого укуктуу.
2. Белгиленген маршруттар боюнча келишимдик линияларды иштетүү төмөнкүдөй шарттарда бардык учурда башталышы мүмкүн:
a) Ушул Макулдашуунун 2-беренесинде аталган укуктар берилген Макулдашуучу тарап жазуу жүзүндө авиакомпанияны же авиакомпанияларды дайындаса жана;
b) Ушул укуктарды берүүчү Макулдашуучу тарап дайындалган авиакомпанияга(ларга) аба ташууларын аткарууга ыйгарым укук бергенде.
3. Эгерде макулдашылган кызмат көрсөтүүлөр боюнча тариф ушул Макулдашуунун 13-беренесинин жоболоруна ылайык белгиленсе, ушул укуктарды берүүчү Макулдашуучу тарап ушул берененин (3), (4) жана (5) пункттарынын жоболорун эске алуу менен минималдуу процедуралык мезгилде келишимдик линияларды иштетүүгө уруксат берет.
4. Макулдашуучу эки тараптын дайындалган авиакомпаниялары ушул Макулдашуунун 14 жана 15-беренелеринин ченемдерин сактоого милдеттенишет.
5. Бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынан эл аралык аба линияларын пайдаланууда ушул бийликтер тарабынан адатта колдонулуучу мыйзамдарда жана эрежелерде көрсөтүлгөн шарттарды аткарууга жөндөмдүү экенине далилдөөлөрдү талап кылышы мүмкүн.
6. Эгерде мындай компаниялар суроо-талапты алган учурда артыкчылыктуу ээлик кылуу жана мындай компанияларга чыныгы контролдук авиакомпанияны дайындаган Макулдашуучу тарап же анын жарандары же бирикмелери тарабынан жүргүзүлө тургандыгын далилдей албаса, ар бир Макулдашуучу тарап ушул Макулдашуунун 2-беренесинде каралган артыкчылыктарды башка Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпания тарабынан аткаруусун токтотуп коё алат.
4-берене. Жокко чыгаруу, чектөө жана шарттарды коюу
1. Эгерде авиакомпания(лар) ушул артыкчылыктарды берүүчү Макулдашуучу тараптардын мыйзамдарын же эрежелерин сактабаса же башкача түрдө ушул Макулдашууда каралган шарттарга ылайык иштебесе, эгерде шарттарды дароо токтотуу же салуу зарыл деп эсептелсе, мыйзамдарды жана эрежелерди мындан аркы бузууларды болтурбоо максатында же учуулардын коопсуздугун камсыз кылуунун кызыкчылыктарында ар бир Макулдашуучу тарап ушул Макулдашуунун 2-беренесинде белгиленген артыкчылыктарды башка Макулдашуучу тараптын белгиленген авиакомпаниясы(лары) тарабынан аткаруусун токтотуп коё алат же ал зарыл деп эсептеген шарттарды коё алат. Мындай укук ушул Макулдашуунун 16-беренесине ылайык башка Макулдашуучу тарап менен кеңешүүдөн кийин гана ишке ашырылышы керек.
2. Ушул беренеге ылайык Макулдашуучу тараптардын бири тарабынан чаралар көрүлгөн учурда Макулдашуучу эки Тараптын тең башка укуктары жаңылыштык болбойт.
5-берене. Аэропортторду жана аэропорттук каражаттарды пайдалануучулардан жыйымдар
1. Макулдашуучу тараптардын ар бири аэропорттор жана өзүнүн контролунда турган башка объекттерди пайдалангандыгы үчүн адилеттүү жана ылайыктуу жыйымдарды сала алат жана/же салууга уруксат бере алат.
2. Башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын(ларынын) аба кемелери тарабынан аэропортторду жана башка аэронавигациялык каражаттарды пайдалангандыгы үчүн Макулдашуучу бир тараптын аймагында алынуучу жыйымдар ушундай эл аралык авиаташууларга катышкан улуттук авиакомпаниянын(лардын) аба кемелерине салына турган жыйымдардан жогору болбошу керек.
6-берене. Бажы төлөмдөрүн жана башка жыйымдарды төлөөдөн бошотуу
1. Макулдашуучу тараптын биринин дайындалган авиакомпаниясы(лары) тарабынан эл аралык аба линияларында иштетилип жаткан аба кемелери, ошондой эле мындай аба кемелеринин бортундагы жабдуулар, запастык бөлүктөр, отун, майлоочу материалдар жана борттук запастар (азык-түлүк продуктуларын, ичимдиктер жана тамеки буюмдарын кошкондо) ташып кирүүдө, ташып чыгууда же транзитте башка Макулдашуучу тараптын аймагына келүүдө, эгерде мындай жабдуулар жана запастар реэкспорттолууга чейин аба кемесинин бортунда кала турган болсо, алына турган бардык бажы төлөмдөрүнөн, инспекциялык жана башка жыйымдардан жана салыктардан бошотулат.
2. Ар бир Макулдашуучу тараптардын аймагында же башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын(ларынын) атынан бериле турган же белгиленген авиакомпания(лар) иштетип жаткан аба кемесинин бортуна кабыл алынуучу жана эл аралык аба линияларын иштетүүдө пайдалануу үчүн гана арналган отунду, майлоочу материалдарды, запастык бөлүктөрдү, жабдууларды жана борт азык-түлүктөрүн берүү биринчи Макулдашуучу тараптын аймагында киргизилген бардык мамлекеттик төлөмдөрдөн жана жыйымдардан, анын ичинде бажы төлөмдөрүнөн жана инспектордук жыйымдардан, ал тургай бул берүүлөр бортко кабыл алынган Макулдашуучу тараптын аймагынын үстүнөн учуунун бардык мезгилинде бөлүп-бөлүп пайдаланылса да бошотулат. Жогоруда белгиленген материалдар бажы көзөмөлүнө же контролдугуна жайгаштырылышы мүмкүн.
3. Аба кемесинин комплекттүү борттук жабдуусу, запастык бөлүктөрү, материалдары, ошондой эле Макулдашуучу бир тараптын аба кемесинин бортундагы күйүүчү-майлоочу материалдар башка Макулдашуучу тараптын аймагына бажылык эрежелерге ылайык реэкспорттолгонго же башка жол менен чыгарылып кеткенге чейин алардын контролдоосуна жайгаштырылышын талап кылуусу мүмкүн болгон ушул Макулдашуучу тараптын бажы бийликтеринин макулдугу менен түшүрүлүшү мүмкүн.
4. Макулдашуучу бир тараптын дайындалган авиакомпаниясынын(ларынын) башка Макулдашуучу тараптын аймагына ташылып кирип жаткан офистик жабдуулар, канцелярдык товарлар, авиабилеттерди кошо алганда, жүргүнчүлүк документтер, авиакоштомо кагаздар, ошондой эле жарнамалык материалдар жана таратылуучу буюмдар сыяктуу кыймылдуу мүлкү бардык бажы төлөмдөрүнөн, инспекциялык жыйымдардан жана башка төлөмдөрдөн жана салыктардан бошотулат.
7-берене. Финансылык камсыздоо
Ар бир Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына анын аймагында жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, почтаны жана жүктөрдү ташуунун эсебинен дайындалган компания тарабынан же башка Макулдашуучу тараптын авиакомпаниялары тарабынан алынган кирешелердин чыгымдардан ашып кетүүсүндө (анын ичинде которууну күтүп жаткан депозиттер боюнча үстөктөр) валюталарды алмаштыруунун аракеттеги курсу боюнча эркин которуу укугун берүүгө милдеттенет. Макулдашуучу тараптардын ортосунда атайын макулдашуу менен жөнгө салынуучу эсептердин системасын колдонсо, ушундай макулдашуу кабыл алынышы керек.
8-берене. Техникалык жана коммерциялык өкүлчүлүк
1. Макулдашуучу бир тараптын дайындалган авиакомпаниясы(лары) башка Макулдашуучу тараптын аймагында өзүнүн өкүлчүлүгүн кармап турууга укуктуу.
2. Макулдашуучу бир тараптын дайындалган авиакомпаниясы(лары) келүүгө, жашоого жана жумушка орношууга тийиштүү болгон башка тараптын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык башка Макулдашуучу тараптын аймагында аба катнашын жүргүзүү үчүн зарыл болгон башкаруучу, техникалык, эксплуатациялык жана башка персоналды тарта алат жана кармап тура алат.
3. Башкы агентти же сатуулар боюнча башкы агентти дайындоодо андай агент ар бир Макулдашуучу тараптын аракеттеги мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык дайындалат.
4. Ар бир Макулдашуучу тараптын аймагында колдонуудагы улуттук мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык ар бир дайындалган авиакомпания башка Макулдашуучу тараптын аймагында авиациялык ташууларды сатууга өз агенттери аркылуу катышуу укугуна ээ болушу керек жана бардык адам ушундай ташууларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.
9-берене. Учуп келүүнүн жана тариздөөнүн эрежелери
1. Аба кемеси менен жүргүнчүлөрдү, экипаждарды, жүктү жана почтаны бир Макулдашуучу тараптын аймагына ташып кирүү же ташып чыгуу боюнча мыйзамдар, эрежелер жана ченемдик актылар (кирүүгө, каттоого, иммиграцияга, паспорттук, бажылык жана карантиндик контролдоого сыяктуу эрежелер) биринчи Макулдашуучу тараптын аймагына келип кирүүдө башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнө, экипаждарына, жүктөрүнө жана почтасына колдонулат.
2. Эл аралык аэронавигацияда иштеген аба кемелерине аймакка кирүүгө же анын аймагынан чыгып кетүүгө уруксат берүүгө же анын аймагында жайгашкан мындай аба кемелерин иштетүүгө же навигациясына тиешелүү Макулдашуучу бир тараптын мыйзамдары же эрежелери улутуна карабастан, Макулдашуучу эки тараптын тең аба кемелерине, ошондой эле мындай аба кемелери тарабынан ошол Макулдашуучу тараптын аймагына учуп келүүдө же учуп кетүүдө же аймакта болуу мезгилинде колдонулушу керек.
3. Макулдашуучу тараптардын биринин аймагы аркылуу транзит менен бара жаткан жүргүнчүлөргө, жол жүгүнө, жүккө жана почтага бажылык жана/же иммиграциялык контролдун жөнөкөйлөтүлгөн формасы колдонулууга тийиш. Түз транзит учурунда жол жүгү, жүк жана почта бажы төлөмдөрүнөн, инспекциялык жыйымдардан жана башка улуттук төлөмдөрдөн жана жыйымдардан бошотулат.
10-берене. Сыйымдуулук боюнча жоболор
1. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы(лары) ушул Макулдашуунун 2-беренесине ылайык алардын тиешелүү аймактарынын ортосунда көрсөтүлгөн бардык маршруттар боюнча келишимдик линияларды иштетүүдө адилеттүү жана бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу керек.
2. Ушул Макулдашуунун 2-беренесине ылайык келишимдик линияларды белгиленген маршруттар боюнча иштетүүдө дайындалган бардык Макулдашуучу тараптардын авиакомпаниясы(лары) башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын(лардын) кызыкчылыктарын бардык маршрут боюнча же ошондой маршруттун бир бөлүгүндө кийинки авиакомпания тарабынан аткарылып жаткан аба катнашына зыян келтирбегендей кылып эске алат.
3. Дайындалган авиакомпания тарабынан берилүүчү келишимдик линиялар негизги максат катары бекитилиши керек, берүүдө авиакомпанияны дайындаган Макулдашуучу тараптын аймагынан кетип же келип жаткан жүктөмдүн ылайыктуу факторунда жана адекваттуу сыйымдуулукта жүргүнчүлөрдү, почтаны жана жүктөрдү ташуунун акылга сыярлык болжолдонуучу керектөөлөрүнө шайкеш келиши керек. Бардык Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын(ларынын) башка Макулдашуучу тараптын аймагындагы пунктта отургузуу же түшүрүү боюнча үчүнчү өлкөлөргө кетип же келип жаткан эл аралык ташуулардагы укуктары мындай ташуулар жардамчы мүнөздү алып жүргөн принциптерге шайкеш келиши жана сыйымдуулук төмөнкүлөргө тиешелүү болушу керек:
a) авиакомпанияны(ларды) дайындаган Макулдашуучу тараптын аймактарынын жана белгиленген маршруттардагы пункттардын ортосундагы ташуу боюнча талаптарга;
b) авиакомпаниянын учуусу алар аркылуу өткөн райондордогу ташуулар боюнча талаптарга, ушул районго кирген мамлекеттердин авиакомпаниялары аткарып жаткан башка авиаташууларды эске алуу менен, жана;
c) авиакомпаниянын түз учуусу боюнча талаптарга.
4. Келишимдик линиялардагы Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниясы(лары) пайдалануучу берилип жаткан сыйымдуулук, анын ичинде каттамдардын жыштыгы жана аба кемелеринин түрлөрү авиациялык бийликтер менен макулдалышы керек.
11-берене. Каттамдардын ырааттамасын бекитүү
1. Ушул Макулдашуунун 2-беренесине ылайык дайындалган авиакомпаниялар Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтерине белгиленген маршруттар боюнча келишимдик линияларды иштетүүнү баштаардан кеминде 30 (отуз) күн мурда ташуулардын түрлөрү, иштетиле турган аба кемелеринин түрлөрү боюнча маалыматтарды, ошондой эле каттамдардын ырааттамасын бериши керек. Мындай жобо кийинки өзгөрүүлөрдө да, ошондой эле каттамдардын ар бир кышкы жана жайкы сезондорунун башталышына чейин аткарылат.
2. Мындай каттамдардын ырааттамасын алган авиациялык бийликтерге эреже катары ырааттаманы бекитүүнү же ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоо зарыл. Кандай болгон учурда да, дайындалган авиакомпаниялар кызыкдар авиациялык бийликтер тарабынан ырааттамалар кубатталганга чейин өз ташууларын башташпайт. Бул жобо кийинки өзгөрүүлөрдө да колдонулат.
12-берене. Маалыматты жана статистиканы берүү
Ар бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери башка Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтеринин өтүнүчү боюнча биринчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы(лары) белгиленген маршруттар боюнча берүүчү мүмкүнчүлүктөрдү кароо үчүн ушул Макулдашуунун 2-беренесине ылайык зарыл болуучу ушундай мезгилдүү жана башка статистикалык маалыматтар менен камсыз кылат. Мындай маалыматтар аткарылып жаткан ташуулардын көлөмүн аныктоо үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды камтышы керек.
13-берене. Тарифтерди белгилөө
1. Макулдашуучу эки тараптын аймактарына, аймактарынан жана аймактары аркылуу өтүүчү аба ташууларына карата тарифтер дайындалган авиакомпаниялар тарабынан алгылыктуу деңгээлдерде белгиленет, ошол эле учурда эксплуатациялык чыгымдарды жана алгылыктуу пайданы кошуу менен бардык тиешелүү факторлорго зарыл болгон көңүл бөлүнөт.
2. (1) пунктка ылайык белгиленген тарифтер Макулдашуучу бир тарап дайындаган авиакомпаниянын колдонуусуна экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери тарабынан талап кылынбайт. Бирок ошого карабастан, ар бир Макулдашуучу тарап төмөндөгүлөр үчүн кийлигишүүгө укуктуу:
а) негизсиз басмырлоочу бааларды же практиканы колдонууну болтурбоо үчүн;
b) басымдуулук кылуучу абалды кыянаттык менен пайдаланууга байланыштуу негизсиз жогору болгон же чектөө салган баалардан керектөөчүлөрдү коргоо үчүн жана;
c) субсидиялардын жана колдоолордун аркасында жасалма түрдө төмөндөтүлгөн баалардан авиакомпанияларды коргоо, же атаандаштыкты четтетүү боюнча далилдер орун алган учурда.
3. Жогоруда баяндалгандарга карабастан, Макулдашуучу бир тараптын дайындалган авиакомпаниялары өтүнүч боюнча экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтерине тарифтерди белгилөөгө тиешелүү маалыматты ушундай ыйгарым укуктуу органдар аныктаган тартипте жана формада берет.
4. Ушул берененин (3) пунктуна зыян келтирбестен, ар бир Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтери башка Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниялары тарабынан көрсөтүлгөн жана авиациялык бийликтердин пикири боюнча ушул берененин (3) пунктунда белгиленген категорияларга туш келип калган тарифтерди кубаттабай коюшу мүмкүн. Мындай учурда, кызыкдар авиациялык бийликтер:
a) башка Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтерине жана тиешелүү авиакомпанияга макул эместиги жөнүндө мүмкүн болушунча тез кабарландыруу жөнөтүшү керек жана кабарландырган же талаштуу тарифти берген күндөн тартып 30 (отуз) күндөн кеч эмес; жана
b) ушул берененин (5) пунктунда белгиленген жол-жоболорго ылайык кеңеш берүүлөрдү сурашы мүмкүн. Эгерде эки авиациялык бийлик тең талаштуу тарифти кабыл алуу боюнча жазуу формасында макулдашууга жетишкен болсо, анда тариф жактырылган катары эсептелиши керек.
5. Ар бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери башка Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери менен башка Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы биринчи Макулдашуучу тараптын өлкөсүнөн/өлкөсүнө эл аралык аба ташуулары үчүн алып жаткан бардык тарифти, анын ичинде макул эместиги тууралуу кабарландыруу келген тарифти дагы талкуулоо максатында кеңешүүлөрдү өткөрүүнү суранышы мүмкүн. Мындай кеңешүүлөр суроо-талап келип түшкөндөн кийин 15 күндөн кеч эмес өткөрүлүшү керек. Макулдашуучу эки тараптын тең авиациялык бийликтери маселени негиздүү чечүү үчүн зарыл болгон маалымат менен камсыз кылууда кызматташ болушу керек. Эгерде макул эместик боюнча кабарландыруу келип түшкөн тариф боюнча макулдашууга жетишилсе, анда ар бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери макулдашуу күчүнө кирүүсү үчүн бардык күчтөрүн жумшоосу керек.
14-берене. Учуулардын коопсуздугу
1. Ар бир Макулдашуучу тарап каалаган учурда башка Макулдашуучу тарап кабыл алган учуулардын коопсуздугунун ченемдерине карата экипаждарга, аба кемелерине же аларды иштетүүгө тиешелүү кеңешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө кайрыла алат. Мындай кеңешүүлөр ушундай өтүнүч менен кайрылгандан кийин 30 (отуз) күндүн ичинде өткөрүлөт.
2. Эгерде мындай кеңешүүлөрдүн натыйжасында Макулдашуучу бир тарап Макулдашуучу башка тараптын ушул мезгилге карата Конвенцияга ылайык белгиленген минималдуу стандарттарга аз болсо да тең келген бардык мындай чөйрөдөгү учууларды натыйжалуу колдоону жана коопсуздугунун ченемдерин башкарууну камсыз кылбай жаткандыгын аныктаса, анда Макулдашуучу биринчи тарап экинчи Макулдашуучу тарапты бул тыянактарга жана ошол минималдуу стандарттарга ылайык зарыл деп эсептелген бул тыянактар, чаралар жөнүндө жана башка Макулдашуучу тарап тиешелүү оңдоочу чараларды көрүшү тууралуу кабарлайт. Башка Макулдашуучу тараптын 15 (он беш) күндүн ичинде же макулдашууга боло турган андан узак убакыттын ичинде тиешелүү чараларды көрүүдөн баш тартуусу ушул Макулдашуунун 4-беренесин колдонуу үчүн негиз болот.
3. Конвенциянын 33-беренесинде белгиленген милдеттенмелерге карабастан, Макулдашуучу бир тараптын авиакомпаниясы же авиакомпаниялары тарабынан иштетилип жаткан аба кемелери башка Макулдашуучу тараптын аймактарына учууда же учуп чыгууда башка Макулдашуучу тараптын аймагында болгон учурунда башка Макулдашуучу тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аба кемесинин бортунда же сыртында аба кемесинин жана анын экипажынын документтеринин аныктыгын жана ошондой эле аба кемесинин тышкы абалын жана анын жабдууларын текшерүү үчүн, эгерде бул негизсиз кечиктирүүлөргө алып келбей турган болсо, (бул беренеде "рампалык инспекция" деп аталуучу) текшерилиши мүмкүн.
4. Эгерде каалагандай рампалык инспекция же рампалык инспекциялардын серияларын жүргүзүү төмөнкүлөргө:
a) аба кемеси же аба кемесин иштетүү ушул мезгилге карата Конвенцияга ылайык белгиленген минималдуу стандарттарга ылайык келбейт деген олуттуу кооптонууларга же;
b) Конвенцияга ылайык ушул мезгилге карата белгиленген учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча натыйжалуу колдоону жана башкарууну камсыз кылуунун жоктугу боюнча олуттуу кооптонууларга алып келсе, анда инспекцияны жүргүзгөн Макулдашуучу тарап Конвенциянын 33-беренесинин максаттары үчүн ушул аба кемесине же ушул аба кемесинин экипажына карата берилүүчү сертификат же күбөлүк берилген же анык деп эсептөөчү талаптар же ага ылайык аба кемелери иштетилип жаткан талаптар бирдей эмес же Конвенцияга ылайык белгиленген минималдуу стандарттардан ашпайт деген тыянак чыгара алышат.
5. Эгерде ушул берененин (3) пунктуна ылайык бир Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы(лары) иштеткен аба кемелерине рампалык инспекция жүргүзүү максаттарында мындай авиакомпаниянын өкүлү тарабынан мындай инспекцияны жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк чектеле турган болсо, анда Макулдашуучу экинчи тарап ушул берененин (4) пунктунда белгиленип, кооптонууга негиз бере турган жана ушул пунктта айтылган тыянактарга алып келүүчү олуттуу проблемалардын орун алгандыгы тууралуу тыянак чыгарышы мүмкүн.
6. Ар бир Макулдашуучу тарап эгерде биринчи Макулдашуучу тарап бир катар рампалык инспекцияларды рампалык инспекциялоонун натыйжасында рампалык инспекцияны жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүдөн, кеңешүүлөрдөн же башкалардан баш тартуу учурунда авиакомпания тарабынан аткарылып жаткан учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон ыкчам чараларды көрүү зарыл деген тыянакка келсе, анда башка Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясынын эксплуатациялык уруксатын дароо токтотуу укугун өзүнө калтырат.
7. Ушул берененин (2) жана (6) пункттарына ылайык Макулдашуучу тараптардын биринин бардык аракеттери ушул чараларды көрүү үчүн негиздер колдонулбай калгандан кийин токтотулат.
8. Макулдашуучу тараптардын бири тарабынан берилген же жарактуу деп таанылган жана күчүндө калган учууга жарактуулук сертификаты, квалификациялык сертификаттар жана күбөлүктөр аларга ылайык мындай сертификаттар жана күбөлүктөр берилген жана жарактуу деп таанылган талаптар Конвенцияга ылайык болгон же белгилениши мүмкүн болгон минималдуу стандарттарга тең же андан ашык болгон шартта ушул Макулдашуу менен каралган аба катнашын пайдаланууга берүү максатында башка Макулдашуучу тарап тарабынан жарактуу деп таанылат. Бирок ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн жарандарына берилген же алар үчүн башка Макулдашуучу тарап же башка бардык мамлекет анык деп тааныган өзүнүн аймагынын үстүнөн өткөн учуулар үчүн квалификациясы тууралуу сертификаттарды жана күбөлүктөрдү таануудан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
9. Жогоруда ушул берененин (8) пунктунда айтылып кеткен күбөлүктөрдүн же сертификаттардын укуктары же шарттары бир Макулдашуучу тараптын каалаган адамына же дайындалган авиакомпанияга(ларга) же көрсөтүлгөн маршруттар боюнча келишимдик линияларда иштетилип жаткан аба кемесине карата Конвенцияга ылайык белгиленген ченемдерден айырмаланууга мүмкүндүк берсе жана ушул айырмачылык Жарандык авиациянын эл аралык уюмуна бериле турган болсо, башка Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери бул маселедеги практика алар үчүн алгылыктуу экендигине ынануу максатында ушул Макулдашуунун 16-беренесине ылайык ушул Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери менен консультацияларды өткөрүүнү сурай алышат. Эгерде канааттандырарлык макулдашууга жетишүү мүмкүн болбосо, анда бул ушул Макулдашуунун 4-беренесин колдонуу үчүн негиз болуп кызмат кылат.
15-берене. Авиациялык коопсуздук
1. Макулдашуучу тараптар эл аралык укуктар боюнча алардын укуктарына жана милдеттенмелерине ылайык алардын бири-бирине карата мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан жарандык авиациянын коопсуздугун коргоо ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү экендигин ырасташат. Эл аралык укук боюнча өзүнүн укуктарынын жана милдеттенмелеринин жалпы колдонуучулугун чектебестен, Макулдашуучу тараптар, алып айтканда, 1963-жылдын 14-сентябрында Токио шаарында кол коюлган Аба кемелеринин бортунда жасалуучу кылмыштар жана айрым башка актылар жөнүндө конвенциянын жоболоруна, 1970-жылдын 16-декабрында Гаага шаарында кол коюлган Аба кемелерин мыйзамсыз басып алууну болтурбоо жөнүндө конвенцияга, 1971-жылдын 23-сентябрында Монреаль шаарында кол коюлган Жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы багытталган мыйзамсыз актыларды болтурбоо жөнүндө конвенцияга, аны толуктоочу 1988-жылдын 24-февралында Монреаль шаарында кол коюлган Эл аралык жарандык авиацияны тейлеген аэропорттордогу зомбулуктун мыйзамсыз актылары менен күрөшүү жөнүндө протоколго, 1991-жылдын 1-мартында Монреаль шаарында кол коюлган Пластикалык жарылгыч заттарды табуу максаттарында аларды маркалоо жөнүндө конвенцияга жана Макулдашуучу тараптар кошулган бардык башка авиациялык коопсуздук боюнча конвенцияларга ылайык аракет кылышат.
2. Макулдашуучу тараптар өтүнүч боюнча жарандык аба кемелерин мыйзамсыз ээлеп алуу актыларын жана мындай аба кемелеринин, алардын жүргүнчүлөрүнүн жана экипаждарынын, аэропорттордун жана аэронавигациялык каражаттардын коопсуздугуна каршы багытталган башка мыйзамсыз актыларды, ошондой эле жарандык авиациянын коопсуздугуна карата бардык башка коркунучтарды болтурбоо боюнча бардык зарыл болгон жардамды көрсөтүшөт.
3. Макулдашуучу тараптар өздөрүнүн өз ара мамилелеринде авиациялык коопсуздуктун стандарттарына ылайык аларды кандай өлчөмдө колдонушса, ошого ылайык жана Конвенцияга тиркемелер катары аталып, Жарандык авиациянын эл аралык уюму белгилеген сунуш кылынуучу практика менен аракет кылышат жана алар катталган аба кемелеринин эксплуатанттары, иштеген негизги орду же алардын туруктуу жайы алардын аймагында болсо, ошондой эле алардын аймагындагы аэропорттордун эксплуатанттары авиациялык коопсуздуктун ушундай жоболору менен аракеттенүүлөрүн талап кылышат. Ар бир Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тарапты Конвенцияга ылайык авиациялык коопсуздук боюнча анын улуттук эрежелери жана практикасы менен стандарттарынын ортосундагы бардык айырмачылыктар жөнүндө кабарлайт. Ар бир Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тарап менен мындай айырмачылыктарды талкуулоо үчүн кеңешүүлөрдү тез арада жүргүзүү жөнүндө каалаган убакта кайрыла алат.
4. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн аймагынын чектеринде аба кемелерин коргоо үчүн, жүргүнчүлөрдү жана алардын кол жүктөрүн текшерүү үчүн, ошондой эле экипажды, жүктөрдү (анын ичинде кол жүгүн) жана борт азык-түлүктөрүн салганга чейин жана салуу же жүктөө учурунда талаптагыдай жүргүзүүнү, ошондой эле коркунучтун көбөйүүсүн эске алуу менен бул чараларды оңдоону камсыз кылат. Ар бир Макулдашуучу тарап алардын дайындаган авиакомпаниясына(ларына) (3) пунктта айтылган, башка Макулдашуучу тараптар үчүн ушул башка Макулдашуучу тараптын аймагына келүү, кетүү жана болуу убактысында зарыл авиациялык коопсуздук жөнүндө жоболорду сактоого болгон талаптарды коюу мүмкүн экендигине макул болот. Ар бир Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тараптын конкреттүү коркунучка байланыштуу коопсуздукка тийиштүү атайын чараларды көрүү жөнүндө бардык өтүнүчүн да түшүнүү менен карайт.
5. Жарандык аба кемелерин мыйзамсыз ээлеп алуу жана мындай аба кемелеринин, алардын жүргүнчүлөрүнүн жана экипаждарынын, аэропорттордун жана аэронавигациялык каражаттардын коопсуздугуна каршы багытталган башка мыйзамсыз актыларга байланыштуу чыр-чатактын пайда болуусунда же чыр-чатактын чыгуу коркунучунда Макулдашуучу тараптар өз ара байланышты жеңилдетүү жана мындай чыр-чатакты жана өмүргө минималдуу коркунуч келтирген тобокелдикти тез басууга багытталган башка тиешелүү чараларды көрүү жолу менен бири-бирине жардам беришет.
6. Эгерде Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын ушул беренеде каралган авиациялык коопсуздуктун чараларын сактабай жаткандыгы боюнча жетиштүү негиздерге ээ болсо, анда биринчи Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарап менен токтоосуз кеңешүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылуусу мүмкүн. Бул кеңешүүлөр кооптонуулардын түздөн-түз себептерин четтетүүгө жана ИКАОнун алкагында коопсуздуктун стандарттарын кабыл алууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө, учуулардын коопсуздугунун талаптагыдай шарттарын түзүү үчүн зарыл болгон чараларды көрүү жөнүндө макулдашууга жетишүүгө багытталат.
7. Ар бир Макулдашуучу тарап мыйзамсыз кийлигишүү актысына же мыйзамсыз кийлигишүүнүн башка актыларына дуушар болгон жана анын аймагына конгон аба кемелери эгерде анын учуп кетүүсү адам өмүрүн коргоо боюнча эң башкы милдеттин зарылдыгынан келип чыккан учурдан башка, ордунда кармалып туруусун камсыз кылуу максатында ал тиешелүү деп эсептеген чараларды көрөт. Мүмкүнчүлүккө жараша, мындай чаралар өз ара кеңешүүнүн негизинде көрүлүшү керек.
16-берене. Кеңешүүлөр жана өзгөртүүлөр
1. Ушул макулдашуунун колдонууга тиешелүү болгон бардык маселелеринде тыгыз кызматташтыкка жана пикирлештикке жетишүү максатындагы пикир алмашуулар зарылдыгына жараша Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтеринин ортосунда жүргүзүлөт.
2. Ар бир Макулдашуучу тарап ушул Макулдашууга же ырааттамага түзөтүүлөрдү киргизүү максатында башка Макулдашуучу тарап менен кеңешүүлөрдү жүргүзүүнү суранышы мүмкүн. Мындай кеңешүүлөр ушундай суроо-талапты алган күндөн тартып 60 (алтымыш) күндүн ичинде башталат. Мындай кеңешүүлөрдүн натыйжасында макулдашылган ушул Макулдашууга карата бардык түзөтүү ар бир Макулдашуучу тарап менен өзүнүн конституциялык жол-жоболоруна ылайык Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду түзүү жолу менен бекитилет жана ушундай бекитүүнү билдирген дипломатиялык ноталарды алмашкан күнү күчүнө кирет, бирок убактылуу макулдук менен түзөтүүнү макулдашуу кабыл алынган күндөн тартып колдонуу макулдашылышы мүмкүн.
3. Эгерде түзөтүү ырааттамага гана тиешелүү болсо, анда кеңешүүлөр Макулдашуучу эки тараптын авиациялык бийликтеринин ортосунда жүргүзүлөт. Жаңы же өзгөртүлгөн ырааттамага бийликтер макул болгон учурда анда Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду түзүү жолу менен макулдашылган түзөтүү дипломатиялык ноталарды алмашуу аркылуу ырастагандан кийин дароо эле күчүнө кирет.
17-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
1. Ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу боюнча Макулдашуучу тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар пайда болгон учурда Макулдашуучу тараптар биринчи кезекте аны сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салууга умтулушат.
2. Эгерде Макулдашуучу тараптар талаш-тартышты сүйлөшүүлөр жолу менен 60 (алтымыш) күндүн ичинде жөнгө салууга жетише албаса, анда алар талаш-тартышты чечүүчү жакка же органга же Макулдашуучу тараптын биринин өтүнүчү менен Арбитраждык сотко бериши керек.
Ар бир Макулдашуучу тарап арбитрди дайындайт, эгерде Макулдашуучу тараптын бири арбитрди 60 (алтымыш) күндүн ичинде дайындабаса, мындай арбитр башка Макулдашуучу тараптын өтүнүчү боюнча Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун Кеңешинин Президенти тарабынан дайындалат. Үчүнчү мамлекеттин жараны болгон, арбитраждык сотто төрагалык кылуучу үчүнчү арбитр Макулдашуучу тараптардын ортосундагы макулдашуу боюнча же эгерде Макулдашуучу тараптар 60 (алтымыш) күндүн ичинде макулдаша алышпаса, анда Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун Кеңешинин Президенти Макулдашуучу тараптын биринин суранычы менен дайындайт. Эгерде Президент Макулдашуучу тараптын биринин мамлекетинин жараны болсо, анда ушул негизде чакыртылып алынбаган эң улуу вице-президент арбитрди дайындоого тийиш.
3. Арбитраждык сот өз чечимин көпчүлүк добуш менен чыгарат. Мындай чечим эки Макулдашуучу тарап үчүн милдеттүү болушу керек. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн мүчөлөрү боюнча жана ошондой эле арбитраждык процессте өз кызыкчылыктарын коргоо боюнча чыгымдарды тартат; төраганын чыгымдары жана башка бардык чыгымдар бирдей үлүштө Макулдашуучу тараптар аркылуу жабылат. Бардык башка мамилелерде арбитраждык сот өзүнүн жеке жол-жоболорун аныктайт.
4. Арбитраждык сот угуудан кийин 60 (алтымыш) күндөн кеч эмес жазуу жүзүндөгү корутундуну берүүгө аракет кылат, эгерде угуу жүргүзүлбөгөн болсо, анда экөөнүн жооптору келгенден 60 (алтымыш) күн өткөндөн кийин берет.
5. Арбитраждык соттун чечими талашкан жактар үчүн акыркы жана милдеттүү болуп эсептелет.
6. Макулдашуучу тараптардын бири ушул берененин (5) пунктуна ылайык чечимди аткарбаса, экинчи Макулдашуучу тарап Макулдашуу боюнча берилген укуктарды жана артыкчылыктарды токтотуп же жокко чыгарып коё алат.
18-берене. Макулдашууну бузуу
Ар бир Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тарапты каалаган учурда жазуу жүзүндө дипломаттык каналдар аркылуу ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу боюнча кабарландыра алат. Кабарландыруунун көчүрмөсү бир эле убакта Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун Башкы катчысына жиберилет. Эгерде мындай кабарландыруу берилген болсо, токтотуу жөнүндө башка Макулдашуучу тарап кабарландырууну алган күндөн тартып 12 (он эки) айдан кийин, Макулдашуучу тараптардын ортосундагы макулдашуу жолу менен ушул мөөнөт бүткөнгө чейин сунуштамага ылайык кабарландыруу кайра чакыртылып алынган учурларды эсептебегенде, ушул Макулдашуунун аракети токтотулат. Эгерде башка Макулдашуучу тарап токтотуу жөнүндө кабарландырууну алгандыгы жөнүндө кабарлабаса, анда кабарландыруунун көчүрмөсүн Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун Башкы катчысы алгандан тартып 14 (он төрт) күндөн кийин алды деп эсептелинет.
19-берене. Көп тараптуу конвенцияларга шайкештик
Эки Макулдашуучу тарапка карата жалпы көп тараптуу конвенция күчүнө кирген учурда мындай конвенциянын жоболору артыкчылыкка ээ болот.
Ушул Макулдашууну токтотуунун даражасын аныктоо, жалпы көп тараптуу конвенциянын жоболоруна ылайык өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча бардык талкуулар ушул Макулдашуунун 16-беренесинин (2) пунктуна ылайык жүргүзүлөт.
20-берене. Каттоо
Ушул Макулдашуу Жарандык авиациянын эл аралык уюмунда каттоодон өткөрүлөт.
21-берене. Аталыштар
Ушул Макулдашууда ар бир берененин баш жагындагы аталыштар белгилөө жана ыңгайлуу пайдалануу максатында аталган жана эч убакта ушул Макулдашуунун көлөмүн жана максаттарын аныктоо, чектөө же баяндоо максатын билдирбейт.
22-берене. Күчүнө кирүү
Бул Макулдашуу ар бир Макулдашуучу тарап ички укуктук талаптарын аткаргандан кийин күчүнө кирет, бул боюнча дипломатиялык ноталарды алмашуу жолу менен бири-бирине ушул талаптарды аткаруу жөнүндө кабарландыруу жиберилет.
Макулдашуу акыркы кабарландыруу алынган күндөн тартып кийинки айдын биринчи күнүндө күчүнө кирет.
Ушуну күбөлөндүрүү менен төмөндө кол коюучулар өздөрүнүн тиешелүү Өкмөттөрүнөн милдеттүү түрдө ыйгарым укук алуу менен ушул Макулдашууга кол коюшту.
______________________ 20__-жылдын "___" ____________ кыргыз, орус, араб жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, ошол эле учурда бардык тексттер бирдей аутенттүүлүккө ээ. Ошондой болсо да, ушул Макулдашууну чечмелөөдө талаш-тартыштар келип чыкса, англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Кувейт Мамлекетинин Өкмөтү үчүн |
Тиркеме
Маршруттун ырааттамасы
1-бөлүк:
Кувейт Мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясынын(ларынын) эки багытта тең иштете турган маршруту(тары):
Кувейт мамлекетиндеги пункттар | Орто-аралык пункттар | Кыргыз Республикасындагы пункттар | Тышкаркы пункттар |
Бардык пункттар | Бардык пункттар | Бардык пункттар | Бардык пункттар |
2-бөлүк:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дайындалган авиакомпаниясынын(ларынын) эки багытта тең иштете турган маршруту(тары):
Кыргыз Республикасындагы пункттар | Орто-аралык пункттар | Кувейт мамлекетиндеги пункттар | Тышкаркы пункттар |
Бардык пункттар | Бардык пункттар | Бардык пункттар | Бардык пункттар |
Эскертүү:
i. Орто аралык пункттар жана тышкаркы пункттар дайындалган авиакомпаниянын(лардын) каалоосу боюнча каалаган же бардык каттамдарда калтырылышы мүмкүн.
ii. Макулдашуучу тараптардын кайсынысынан болсо да дайындалган авиакомпания(лар) каалаган же бардык каттамдарда каалаган орто аралык пункттарда жана/же алардан тышкары аба эркиндигинин бешинчи даражасынын укуктарын аткара алышат.