Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-сентябры № 460-б
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Дархан жана Саруу айыл аймактарынын айылдарынын айдоо аянттарын сугат суусу менен камсыздоо жана тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине "Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жууку суусунда сезондук жөнгө салуучу бассейнди куруу" объектинин техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЕН) иштеп чыгууга "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча кошумча каралган каражаттардан 7,000000 (жети миллион) сом бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти "Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жууку суусунда сезондук жөнгө салуучу бассейнди куруу" объектинин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик заказчы болуп аныкталсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агрөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |