Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 18-февралы № 65-б
1. "CASA-1000" долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилчилигинин расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган кепилчилигине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "CASA-1000" долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилчилиги боюнча милдеттенмелерди камсыздоо үчүн "Кыргызстан улуттук электр тармагы" жана "Электр станциялар" ачык акционердик коомдору менен карыздык милдеттенмелерди белгиленген тартипте түзсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жана финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |