Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 18-марты № 116-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2015-2016-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2015-2016-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоорлору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине бул макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |