Редакцияот 16.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 16-январы № 12-б

"Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Социалдык чөйрөнүн көзөмөлчүлүк кеңешти түзүү максатка ылайыксыз болгон мекемелеринин тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

 

Тиркеме

Социалдык чөйрөнүн көзөмөлчүлүк кеңешти түзүү максатка ылайыксыз болгон мекемелеринин ТИЗМЕГИ

№

Мекемелердин аталышы

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу мекемелер

1

Үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрү

2

Төмөнкү илим-изилдөө институттары:

- К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы Кыргыз мал чарбачылыгы жана жайыттар илимий-изилдөө институту;

- К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы А.Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институту;

- К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институту;

- К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы Кыргыз ирригация илим-изилдөө институту;

- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Кыргыз физика-техникалык проблемалар илим-изилдөө институту;

- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Кыргыз энергетика жана байланыш илим-изилдөө институту;

- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Кыргыз минералдык-сырьелор илим-изилдөө институту;

- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Кыргыз фундаменталдык илимдер илим-изилдөө институту;

- Рыскулбеков Муса Рыскулович атындагы Кыргыз экономикалык университетинин алдындагы Кыргыз инновациялык экономика илим-изилдөө институту

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу мекемелер

3

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору

4

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу мекемелер

5

Республикалык медицина-маалыматтык борбору

6

Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору

7

Республикалык патологоанатомиялык бюро

4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу мекемелер

8

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейи

9

М.В.Фрунзенин мамлекеттик мемориалдык үй-музейи

10

А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу мекемелер

11

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция

12

Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция

13

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция