Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 14-июлу № 333-б
1. Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-ФАЗА" долбоорун каржылоо үчүн Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |