Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 266 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2016-жылдын 18-майы № 281
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табууга, баалоого жана башкарууга карата бирдей ыкманы белгилөө максатында:
1. Коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу боюнча методикалык колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын системасындагы коррупциялык тобокелдиктердин жана мамлекеттик органдагы коррупциогендик кызмат орундарынын тизмегин түзүшсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу боюнча МЕТОДИКАЛЫК КОЛДОНМО
1. Жалпы жоболор
1. Коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу боюнча ушул методикалык колдонмо (мындан ары - Методикалык колдонмо) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын системасында коррупциялык тобокелдиктерди табууга, баалоого жана башкарууга карата бирдей ыкманы белгилөө максатында иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чаралар планынын IV главасын (Коррупциялык коркунучтарды баалоо жана башкаруу аркылуу коррупциянын алдын алуу) ишке ашырууга методикалык жардам берүү максатында иштелип чыкты.
2. Методикалык колдонмодо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
- административдик жол-жоболор - административдик иштерди кароонун жана чечүүнүн негиздерин, шарттарын, ырааттуулугун жана тартибин аныктаган, белгиленген регламенттик ченемдер, алар өзүнө: административдик функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча чечимдерди административдик органдардын кабыл алуусунун жана аткаруусунун тартибин; административдик органдардын ишин уюштуруунун тартибин; укуктарын жана кызыкчылыктарын ишке ашыруу же коргоо боюнча жарандардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын кайрылууларын административдик кароонун тартибин камтышат;
- дискрециялык ыйгарым укуктар - мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, кызмат адамдарынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарга же кызмат адамына өзүнүн ыктыяры боюнча кабыл алынуучу башкаруу чечиминин түрүн жана мазмунун (толук же жарым-жартылай) аныктоого мүмкүндүк берүүчү же ведомстволук актыда каралган башкаруу чечимдеринин бир нече вариантынын бирин тандоого мүмкүндүк берүүчү укуктардын жана милдеттердин жыйындысы;
- коррупциялык тобокелдик - бул мамлекеттик башкаруу системасында түптөлгөн аракет көрүү/аракетсиздик үчүн мүмкүнчүлүк, ошондой эле мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын өзү же үчүнчү жактар үчүн пайда көрүү максаттарында кызмат абалын мыйзамсыз пайдаланууга же аталган жакка, башка жеке жактарга мындай пайданы мыйзамсыз берүүгө түрткү берген жагдайлардын болушу;