Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 11-апрели № 157-б
Материалдык-техникалык базаны чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментинин «Семетей» (Ош шаары) кинотеатрына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100 000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр | Т.Сариев |