Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 15-июлу № 318-б
1. "Коомдоштуктарды социалдык жактан коргоонун улуттук системасын өнүктүрүүгө жана социалдык-экономикалык туруктуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү" жөнүндөгү өнүктүрүү долбоору боюнча иш-чараларды аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |