Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 29-июлу № 341-б
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу максатында:
1. Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирдикте Турдакун Усубалиевдин бюстун Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрдүн аллеясына (Бишкек шаары, Эркиндик бульвары) орнотсун.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |