Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 29-июлу № 342-б
1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер (расмий эмес котормо) жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбооруна карата Алмашуу ноталарынын долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбооруна карата Гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Алмашуу ноталарынын долбооруна жана Гранттык макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |