Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 4-августу № 356-б
1. Кыргыз Республикасындагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду даярдоо максатында грант берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Гранттык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине аталган Гранттык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |