Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 10-августу № 366-б
2016-жылы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарына көп сандагы катышуучуларды тартуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери 2016-жылдын 11-августунан 3-сентябрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында 2016-жылы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарына катыша турган спорт түрлөрү боюнча федерациялардын өкүлдөрүн, спорттук делегация мүчөлөрүн жана аларды коштоп жүргөн адамдарды Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана алуу үчүн консулдук жана иш жүзүндөгү жыйымдарды төлөөдөн бошотушсун.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерин ушул буйрук менен тааныштырсын жана аткарылышын камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |