Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 24-августу № 475
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин Катчылыгынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жөнүндө жободо:
- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-пунктча менен толукталсын:
"20-1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин Катчылыгынын функцияларын ишке ашыруу;".
Премьер-министр | С.Жээнбеков |