Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 15-ноябры № 486-б
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Корея Республикасынын Технологиялар жана стандарттар боюнча Корея агенттигинин (KATS) ортосундагы Техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо чөйрөсүндө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен
Корея Республикасынын Технологиялар жана стандарттар боюнча
Корея агенттигинин (KATS) ортосундагы Техникалык жөнгө салуу,
стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо чөйрөсүндө кызматташуу
боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Корея Республикасынын Технологиялар жана стандарттар боюнча Корея агенттиги (KATS) (мындан ары «Тараптар» деп аталуучу),
Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы сыноолор, инспекциялоо. сертификаттоо жана аккредитациялоо жаатында кызматташуу аркылуу соода жүргүзүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды жоюу жана соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында,
теңчилик жана өз ара пайда көрүүнүн негизинде ѳз ара кызыкчылыктарга көмөктөшүүнү каалап.
мындай кызматташуу экономикалык кызматташууну, сооданы өнуктүрүугө жана эки ѳлкөнун ортосундагы достук мамилелерди колдоого көмөк көрсөтө ала тургандыгын таанып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1- берене
1.1. Тараптар ушул Меморандумдун жоболоруна жана Тараптардын мамлекеттеринин тийиштүү мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык теңчиликтин жана өз ара пайда көрүүнүн негизинде сыноолор, инспекциялоо, сертификаттоо жана аккредитациялоо жаатында кызматташат.
1.2. Тараптардын ар бири текстиль жана кошо сатылуучу продукциялар жаатында кызматташа башташат жана андан ары жеңил өнөр жайга карата кызматташууну кеңейтишет.
2- берене
2.1. Кызматташуу ѳзүнө төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
а) стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо боюнча ишке тиешелүү техникалык маалыматтарды, жарыялоолорду жана брошюраларды алмашуу
(сыноо, көзөмолдөө, сертификаттоо. аккредитациялоо).
б) сыноо, көзөмөлдөө жана сертификатоо менен байланышкан мамлекеттик уюмдардын кызматкерлеринин ортосундагы визиттер жана тажрыйба алмашуу;
в) сыноо, инспекциялоо (көзөмөл) жана сертификаттоо боюнча органдардын кызматташуусун колдоо жана биргелешкен лабораторияларды түзүү;
г) сыноо, көзөмөлдөө, сертификаттоо, акредитациялоо чѳйрөсүндөгу эксперттер үчүн окуу программаларын колдоо;
д) сыноого, инспекциялоого (көзөмөлгө), сертификаттоого жана аккредитациялоого тиешеси бар эл аралык жана региондук уюмдардын алкактарында кызматташуу;
е) конференцияларды, симпозиумдарды, окуу курстарын, семинарларды, кѳргөзмөлөрдү жана өз ара кызыкчылыкты жараткан башка биргелешкен жолугушууларды уюштуруу жана аларга катышуу;
ж) Тараптар менен өз ара макулдашылуучу кызматгашуунун кошумча багыттары.
2.2. Ушул Меморандумдун алкагындагы иштин бардык турлөрү, анын ичинде тренингдер жана конференциялар, маалымат алмашуу, жарыялоолор, каталогдор үчүн жумушчу тил англис тили болуп саналат.
3- берене
3.1. Ушул Меморандумдун алкагындагы кызматташууга байланышкан чыгымдар Тараптар макулдашкан шарттарга ылайык жана Тараптардын бюджеттик каражаттары болгон шартта каралат.
4- берене
4.1. Ушул Меморандумдун алкагында биргелешкен иштен алынган ар кандай маалымат экинчи Тараптын макулдугусуз коммерциялык же өндүрүштүк максаттарда бир тараптуу тартипте ачыкка чыгарылбашы керек.
4.2. Тараптардын автордук укуктары жана интеллектуалдык менчикке укуктары ар бир Тарапта корголушу керек.
5- берене
5.1. Тараптар өз ара макулдашуу боюнча ушул Меморандумга толуктоолорду жана езгөртүүлөрдү киргизе алышат, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
5.2. Ушул Меморандумду чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу пайда болгон ар кандай маселелер Тараптардын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
6-берене
6.1. Ушул Меморандум эки Тараптын өкүлдөрү кол койгон күндѳн тартып күчүнө кирет.
6.2. Эгерде тараптардын эч бири кезектеги мөөнөт бүткөнгө чейин жок эле дегенде үч ай мурда Макулдашуунун аракетин токтотуу жөнүндө каалоосун дипломаттык каналдар аркылуу экинчи Тарапка жазуу түрүндө кабарлабаса ушул Макулдашуу автоматтык түрдө кийинки үч жылдык мөөнөткө узартылат.
6.3. Ушул Меморандумдун аракетинин токтотулушу, эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, ушул Меморандумдун алкагында ал токтотулганга чейин демилгеленген долбоорлордун колдонулушуна жана узактыгына таасирин тийгизбейт.
6.4. Ар кандай билдирүүлөр жана кабарлар англис тилинде болууга тийиш жана алдын ала төлөнгөн заказдык почта жөнөтүүсү менен (эгер чет өлкөгө болсо, авиа почта аркылуу) же телекс, же факсималдык берүү менен же эл аралык чабарман аркылуу төмөндө аталышы жана дареги жазылган дарек боюнча кызыкдар Тарапка жөнөтүлүшү керек. Бир Тараптын дареги өзгөргөн учурда белгиленген тартипте жаңы даректи көрсөтүү менен экинчи Тарапка билдирилиши керек.
Кыргыз Республикасынын Аты
Экономика министрлигинен
Дареги: КР Экономика министрлиги
Чүй пр. 106, Бишкек, 720002,
Кыргыз Республикасы
Tехнологиялар жана Аты
стандарттар боюнча Корея
агенттигинен
(KATS)
Дареги: Технологиялар жана
стандарттар боюнча Корея
агенттиги
93, lsu-ro, Maengdong-myeon,
Eumseong-gun, Chungcheongbuk-do,
Корея Республикасы
6.5. Ушул Меморандум эки нускада кыргыз, корей. орус жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Пикир келишпестиктер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
6.6. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында, 2016-жылдын ________________________________ кол коюлду.
Корея Республикасынын
Кыргыз Республикасынын Технологиялар жана стандарттар
Экономика министрлиги учүн боюнча Корея агенттиги (KATS)
үчүн