Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2016-жылдын 11-ноябры № 596
Кыргыз Республикасынын аймагында 2009-жылдын 31-июлуна чейин жеке турак үйлөр тургузулуп калган сугат айдоо жерлериндеги жер участокторуна инвентаризация өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы 2009-жылдын 31-июлуна чейин жеке турак үйлөр тургузулуп калган сугат айдоо жерлериндеги жер участокторун инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия үч айлык мөөнөттө:
- 2009-жылдын 31-июлуна чейин жеке турак үйлөр тургузулуп калган сугат айдоо жерлериндеги жер участокторунун ээсинин, чектеринин жана аянтынын маалыматтарын көрсөтүү менен персоналдаштырылган реестрди түзсүн;
- трансформациялоого кирбеген (социалдык маданий жана турмуш-тиричилик багытындагы, ошондой эле инженердик инфраструктураларды курууга) жерлерди ар бир контур боюнча пайдалануунун келечегине талдоо жүргүзсүн.
3. Ведомстволор аралык комиссияга белгиленген тартипте материалдарды суроо-талап кылуу жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди ишке тартуу укугу берилсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын аймагында 2009-жылдын
31-июлуна чейин жеке турак үйлөр тургузулуп калган
сугат айдоо жерлериндеги жер участокторун инвентаризациялоо