Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 1-декабры № 518-б.
1. Сеул шаарында 2006-жылдын 11-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрине Протоколдун жогоруда аталган долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашын орнотуу жөнүндө
макулдашууга ѳзгөртүүлорду киргизүү тууралуу протокол
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмѳтү (мындан ары "Макулдашкан тараптар" деп аталышып),
эл аралык аба катнаштарынын мумкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө умтулуп, ошондой эле,
Сеул шаарында 2006-жылдын 11 -июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалап,
төмөнкүлѳр жѳнүндѳ макулдашты:
1- берене
1 -берененин (б) пункту төмонкүдөй редакцияда баяндалсын: "авиациялык бийликтер" термини" Кыргыз Республикасына карата Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигин, ал эми Корея Республикасына карата Жер, инфраструктура жана транспорт министрлигин билдирет, же эки учурда тең, жогоруда аталган авиациялык бийликтер азыркы учурда аткарган функцияларды аткарууга ыйгарым укук берилген башка жакты же органды билдирет;"
2- берене
Макулдашуунун тиркемеси ушул Протоколдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3- берене
Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган ушул Протокол дипломатиялык каналдар боюнча анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Макулдашкан тараптардын аткаргандыгы жөнундө кат жүзүндө билдирген күндөн тартып кучунө кирет.
Анын күбѳсу катары, өздөрүнүн өкмөттөрү тиешелүү түрдө ыйгарым укук берген өкүлдөр бул Протоколго кол коюшту.
Протокол_______шаарында 20_____-жылдын "__"_______
кыргыз, корея, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада кол коюлду,
бардыгы бирдей күчкө ээ. Протоколду талкуулоодо кайчы пикирлер пайда; болгон учурда англис тилиндеги тексти пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү γчүн Корея Республикасынын Өкмѳтү γчүн
Тиркеме
Каттамдардын ырааттамасы
а) Кыргыз Республикасы дайындаган авиакомпаниялар пайдаланган маршруттар:
Чыгүу пункттары | Аралык пункттары | Дайындоо пункттары | Тышкаркы пункттары | |
Кыргыз Республикасындагы! ар кандай пункттар | Ар кандай пункттар | Корея Республикасындагы ар кандай пункттар | Ар кандай пункттар | |
б) Корея Республикасы дайындаган авиакомпаниялар пайдаланган каттамдар: | ||||
Чыгуу пункттары | Аралык пункттары | Дайындоо пункттары | Тышкаркы пункттары | |
Корея Республикасындагы ар кандай пункттар | Ар кайсы пункттар
| Кыргыз Республикасындагы ар кандай пункттар | Ар кандай пункттар
| |
Эскертуу:
1. Боштуктун бешинчи деңгээлинен тышкары пункттар, Макулдашкан тараптар мамлекеттеринин авиациялык бийликтеринин ортосунда суйлөшүүлөр жолу менен аныкталууга тийиш.
2. Эгерде аба каттамдарын аткаруу авиакомпанияны дайындаган Макулдашкан тараптын аймагындагы пункттагы каттамдардан башталган болсо Макулдашкан тараптар мамлекеттеринин дайындалган авиакомпаниялары кандай учууну аткарса да, же бардык учууларды аткарганда каттамдын жогоруда аталган пункттарынын кайсынысынан болсо да өтүп кетсе болот.
3. Аралык пункттар жөнүндө жана боштуктун бешинчи деңгээлинен тышкары пункттар жѳнүндө деталдар, Макулдашкан тараптардын мамлекеттеринин авиациялык бийликтеринин ортосундагы макулдашуунун предмети болуп саналат.