Редакцияот 08.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 8-декабры № 528-б

Ысык-Кѳл жана Чуй облустарынын аймактарында кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирγγ жумуштарын жγргγзγγ максатында, "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ѳзгѳчѳ кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан 25 100 000 (жыйырма беш миллион бир жγз миң) сомду кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирγγ жумуштарын жγргγзγγ γчγн Кыргыз Республикасынын Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигине бѳлγп берсин, анын ичинен:

- 15 100 000 (он беш миллион бир жγз миң) сому - Ысык-Кѳл облусунун Ысык-Кѳл районундагы Бостери айыл аймагындагы Бактуу-Долоноту айылынын чыгыш тарабын жана ат майданын сел ташкындарынан коргоо γчγн инженердик курулма курууга;

- 10 000 000 (он миллион) сому - Чуй облусунун Чуй районундагы Кош-Коргон айыл аймагынын Кош-Коргон айылындагы Кызыл-Суу дарыясындагы сел топтсгучту механикалаштырылган жол менен тазалоого.

2. Кыргыз Республикасынын Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлγмγнѳ жуктѳлсγн.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков