Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016 жылдын 22-декабры № 559-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Банги зат каражаттарын, психотроптук затгарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз өндүрүүнүн, жүгүртүүнүн алдын алуу жана каршы күрөшүү тармагында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюуга жана андан ары ишке ашырууга ыйгарым укуктууну аныктоо максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-июнундагы № 262-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- буйруктун 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине жогоруда аталган Меморандумга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.".
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |