Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУГУ
2017-жылдын 17-январы № 25
Чγй облусунун Сокулук районунда 2017-жылдын 16-январында Боинг-747 аба кемесинин авиациялык кырсыкка учурашынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын γй-бγлѳлѳрγнѳ бир жолку материалдык жардам кѳрсѳтγγ максатында:
!. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу бѳлγмγ 2017-жылдын 16-январында Боинг-747 аба кемесинин авиациялык кырсыкка учурашынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын уй-бγлѳлѳрγнγн тизмесин бир жолку материалдык жардам берγγ γчγн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Ѳкмѳтγнγн Иш башкармасына берсин.
2. Чγй облусунун Сокулук районунда 2017-жылдын 16-январында Боинг-747 аба кемесинин авиациялык кырсыкка учурашынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын γй-бγлѳлѳрγнѳ бир жолку материалдык жардам кѳрсѳтγγ γчγн Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын γй-бγлѳсγнѳ 70000 (жетимиш миң) сомдон тѳлѳп берγγгѳ Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан 980000 (тогузжуз сексен миң) сом Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Ѳкмѳтγнγн Иш башкармасына бѳлγнсγн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |