Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 23-декабры № 564-б
1. Тѳмѳнкγ тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Тγркия Республикасынын Ѳкмѳтγнγн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жѳнγндѳ макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Туркия Республикасынын Ѳкмѳтγнγн ортосундагы Финансылык жардам берγγ жѳнγндѳ протоколдун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тѳрагасына жогоруда аталган Макулдашуунун жана Протоколдун долбоорлоруна принциптγγ эмес мγнѳздѳгγ ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Тγркия Республикасынын
Ѳкмѳтγнγн ортосундагы Аскердик финансылык
кызматташтык жѳнγндѳ макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жана Тγркия Республикасынын Ѳкмѳтγ (мындан ары «Тараптар» жана ѳз алдынча «Тарап» деп аталуучу), аскердик кызматташтыкты бекемдѳѳ максатында, узак мѳѳнѳттγγ достук мамилелерди ѳнγктγрγγнγн жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кγчтѳрγн реформалоого кѳмѳктѳшγγ алкагында тѳмѳнкγлѳр жѳнγндѳ макулдашты:
1 –берене
Максаты
Ушул Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ аскердик финансылык кызматташтыктын алкагында 6 360 00 (алты миллион γч жγз алтымыш миң) АКШ доллары эквивалентиндеги тγрк лирасы ѳлчѳмγндѳ акча каражатын грант тγрγндѳ бѳлγп берγγ γчγн укуктук негиздерди белгилѳѳ болуп эсептелет. 6 000 000 (алты миллион) АКШ доллары эквивалентиндеги тγрк лирасы ѳлчѳмγндѳгγ сумма Туркиядагы жергиликтγγ компаниялардан, кѳбγнчѳ Туркиянын коргоо ѳнѳр жай ишканаларынан аскердик муктаждыктар γчγн продукцияларды жана кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγ сатып алууну каржылоо γчγн пайдаланылат (продукцияларды жана кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγ сатып алууну каржылоо γчγн бѳлγп берилγγчγ сумма Кыргыз Республикасы аныктаган батальонду жабдуу γчγн жумшалат) жана калган 360 000 (γч жγз алтымыш миң) АКШ доллары эквивалентиндеги тγрк лирасы ушул Макулдашуу тγзγлгѳндѳн кийин кол коюлуучу Финансылык жардам кѳрсѳтγγ жѳнγндѳ протокол кγчγнѳ киргенден кийин берилет.
2-берене
Колдонуу чѳйрѳсγ
Ушул Макулдашуунун алкагында 6 000 000 (алты миллион) АКШ доллары эквивалентиндеги тγрк лирасы ѳлчѳмγндѳгγ акча каражаты Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ Туркиядагы жергиликтγγ компаниялардан, кѳбγнчѳ Туркиянын коргоо ѳнѳр жай ишканаларынан аскер муктаждыктары γчγн продукцияларды жана кызмат кѳрсѳтγγлѳрγ сатып алуу γчγн берилет (продукцияларды жана кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγ сатып алууну каржылоо γчγн бѳлγп берилγγчγ сумма Кыргыз Республикасы аныктаган батальонду жабдуу γчγн жумшалат) жана 360 000 (γч жγз алтымыш миң) АКШ доллары эквивалентиндеги тγрк лирасы Тγркия Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Финансылык жардам кѳрсѳтγγ жѳнγндѳ протоколдун алкагында берилет.
3- берене
Компетенттγγ жана координациялоочу органдар
Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн атынан Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети тарабынан жана Туркия Республикасынын Ѳкмѳтγнγн атынан Туркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан аткарылат. Туркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Кыргыз Республикасындагы Тγркия Республикасынын Элчилигине караштуу Аскердик атташе аппараты ушул Макулдашууну аткаруу боюнча координациялоочу органдар болушат.
4- берене
Ишке ашыруу принциптери
1. 6 000 000 (алты миллион) АКШ доллары эквивалентиндеги тγрк лирасы ѳлчѳмγндѳгγ акча каражаты Туркиянын жергиликтγγ комланияларынан, кѳбγнчѳ Туркиянын коргоо ѳнѳр жай ишканаларынан аскер муктаждыктары γчγн продукцияларды жана кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγ сатып алууну ишке ашыруу учурунда берилет:
а) эгерде сатып алынуучу продукциялардын жана кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн кѳлѳмγ 6 000 000 (алты миллион) АКШ доллары эквивалентиндеги тγрк лирасы ѳлчѳмγндѳгγ сумманы тγзсѳ же аталган суммадан кѳп болсо, анда 6 000 000 (алты миллион) АКШ доллары эквивалентиндеги тγрк лирасы ѳлчѳмγндѳгγ сумманын 100 пайызы гана тѳлѳнѳт;
б) эгерде продукциялардын жана кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн наркы 6 000 000 (алты миллион) АКШ доллары эквивалентиндеги тγрк лирасынан аз болуп калса, анда ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык, Туркия Республикасынын Борбордук Банкы Туркиянын Улуттук коргоо министрлигинин кѳрсѳтмѳсγ боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ кѳрсѳткѳн сатып алуулар ишке ашырылган компаниянын банктык эсебине акча каражаттарын которот жана накталай эмес тѳлѳм формасында сатылып алынган продукциялардын жана кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн бγткγл кѳлѳмγн тѳлѳп берет.
2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ γчγн акча каражаттары ушул Макулдашуунун 10-беренесинин 1-пунктунда белгиленген, Макулдашуу колдонулган мѳѳнѳттγн ичинде пайдаланылууга тийиш.
Пайдаланылбаган акча каражаттары Туркия Республикасынын мамлекеттик казынасына кайтарылат.
3. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ сатып алууларды ишке ашыруу γчγн Туркия Республикасына келгенге чейин Туркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлигине бѳлγнгѳн акча каражаттарынын алкагында керектγγ каражаттардын тизмесин (артыкчылыктуу аталыштарды кѳрсѳтγγ менен) бериши керек.
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ Туркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги менен макулдашуу боюнча Туркиянын жергиликтγγ компанияларынан, кѳбγнчѳ Туркиянын коргоо ѳнѳр жай ишканаларынан керектγγ продукцияларды жана кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγ сатып алуу процессин ишке ашырат.
4. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ кѳрсѳткѳн сатып алуулар жγргγзγлгѳн компаниянын банк эсебине Туркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан тѳмѳнкγ шарттар аткарылгандан кийин акча каражаттары которулат:
а) Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен компаниянын ортосунда тγзγлгѳн контрактка кол коюу жана милдеттенмелерин аткаруу;
б) Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳн сатып алынган продукцияларды жана кѳрсѳтγлгѳн кызматтарды кабыл алуу-ѳткѳрγп беруу жол-жоболорунун бγткѳндγгγ жѳнγндѳ кабарлоону алуу.
5. Эгерде Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ тарабынан сатылып алынуучу продукциялардын наркы берилген финансылык каражаттардын ѳлчѳмγнѳн ашып кетсе, анда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ берилген финансы каражаттарына жетишпеген сумманы тѳлѳшγ керек. Туркия Республикасынын Ѳкмѳтγ ушул Макулдашууда белгиленген суммадан ашык сумманы тѳлѳп бербейт.
6. Бѳлγнгѳн акча каражаттарды бѳлγштγрγγ, тангактоо жол-жоболору, жγктѳрдγ жγктѳѳ, ташуу, жеткирγγ, окутуу маселелери, иш сапар жана суткалык чыгымдар, камсыздандыруу тѳлѳмдѳрγ, салыктар, жыйымдар, банктык кармап калуулар жана валюта курстарындагы айырмалар менен тγздѳн-тγз байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен туркиялык компаниянын ортосунда тγзγлгѳн контрактта чагылдырылышы керек.
7. Сатып алуу процесстери менен байланышкан визиттер ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык ушул Макулдашуу кγчγнѳ киргенден кийин ишке ашырылат. Ушул процесс менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн ѳкγлдѳрγнγн чыгымдары Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ тарабынан жабылат.
Сатып алууларды ишке ашыруунун жγрγшγндѳ Туркия Республикасынын колдонуудагы ченемдик актыларынын жоболору колдонулат, Кыргыз Республикасына продукция жеткирилгенден жана кызмат кѳрсѳтγлгѳндѳн баштап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери колдонулат.
8. 360 000 (γч жγз алтымыш миң) АКШ долларынын эквивалентиндеги тγрк лирасы ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын ыйгарым укуктуу ѳкγлдѳрγнγн ортосунда ѳзγнчѳ кол коюла турган Финансылык жардам кѳрсѳтγγ жѳнγндѳ протоколго ылайык бѳлγнѳт.
9. Финансылык жардам кѳрсѳтγγ жѳнγндѳ протоколдун алкагында бѳлγнгѳн акча каражаттары Туркиянын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасындагы Туркия Республикасынын Аскердик атташесинин банктык эсебине которулушу керек.
5- берене
Продукцияларды жана кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγ пайдалануу укуктары
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ ушул Макулдашуунун алкагында Туркия Республикасынын Ѳкмѳтγнγн акча каражаттарына сатып алынган, эсептен чыгарылган продукцияларды сатуудан тγшкѳн каражат Туркия Республикасынын Ѳкмѳтγ аныктаган банк зсебине которууга милдеттенет.
2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ Туркия Республикасынын Ѳкмѳтγнγн жазуу жγзγндѳ алдын ала макулдугусуз продукцияны жана кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγ бербѳѳгѳ, ошондой эле аларды колдонуу укугун башка мамлекетке же γчγнчγ Тарапка бербѳѳгѳ милдеттенет.
3. Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптар катышкан башка эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучу милдеттенмелерди чектебейт жана башка мамлекеттердин укуктарына, коопсуздугуна жана аймактык бγтγндγгγнѳ каршы колдонулбашы керек.
6- берене
Жашыруун маалыматты коргоо
Ар бир тарап ушул Макулдашууну ишке ашыруу алкагында Тараптар алмашкан кабарларды жана жашыруун маалыматты γчγнчγ Тараптын ѳкмѳтγнѳ, компанияга же адамга экинчи Тараптын жазуу жγзγндѳгγ макулдугусуз ачпоого милдеттенет. Купуялуулуктун бул принциби ушул Макулдашууну колдонуу буткенден кийин да колдонулат.
7- берене
Талаш-тартыштарды жѳнгѳ салуу
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун же чечмелѳѳнγн жγрγшγндѳ талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда γчγнчγ Тарапты, арбитражды же эл аралык сотту тартуута жол берилбейт жана дипломатиялык каналдар аркылуу суйлешуу жолдору менен чечилиши керек. Эгер Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу сγйлѳшγγлѳрдγн жыйынтыктары боюнча чечимге келе алышпаса, ушул Макулдашуунун 10-беренесинде келтирилген жоболорго ылайык ушул Макулдашуу ѳзγнγн колдонулушун токтотот.
8- берене
ѳзгѳртγγлѳр жана толуктоолор
1. Ар бир Тарап ушул Макулдашууга ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ жѳнγндѳ сунуштарын киргизиши мγмкγн. Жазуу жγзγндѳ кабарлоону алгандан кийин 30 кγндγн ичинде Тараптар ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ боюнча суйлѳшγγлѳрдγ башташы керек.
2. Тараптар менен макулдашылган жана жазуу жγзγндѳ таризделген толуктоолор ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык кγчγнѳ кирет.
3. Эгерде сγйлѳшγγлѳрдγн жγрγшγндѳ 60 кγндγн ичинде макулдашууга келишпесе, ушул Макулдашуунун 10-беренесинин жоболоруна ылайык ушул Макулдашуу ѳзγнγн колдонулунгун токтотот.
4. Сγйлѳшγγлѳрдγн жγрγшγндѳ Тараптар ушул Макулдашууда каралган ѳзγнγн милдеттенмелерин аткарууну улантат.
9- берене
Бекитγγ жана кγчγнѳ кирγγсγ
Ушул Макулдашуу анын кγчγнѳ кирγγсγ γчγн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жѳнγндѳ акыркы жазуу жγзγндѳгγ кабарлоону дипломатиялык каналдар боюнча алган убактан баштап кγчγнѳе кирет.
10- берене
Колдонуу мѳѳнѳтγ жана токтотуу
1. Ушул Макулдашуу 5 (беш) жыл ичинде кγчγндѳ болот, ал эми Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ бѳлγнгѳн акча каражаты толугу менен пайдаланылган учурда, ушул Макулдашуу дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жγзγндѳ ырасталган акыркы кабарлоо алынган убактан баштап аракетин токтотот.
2. Эгерде Тараптардын бири, экинчи Тарап ушул Макулдашуунун жоболорун сактабаса же сактабай жатат деп эсептесе, жазуу жγзγндѳгγ кабарлоону алгандан кийин 30 кγндγн ичинде баштала турган консультацияларды ѳткѳрγγнγ жазуу жγзγндѳ сунуштайт. Эгерде 60 кγндγн ичинде макулдашууга жетилбесе, кайсы гана Тарап болбосун 60 кγндγн ичинде жазуу жγзγндѳ кабарлоо жиберγγ жолу менен ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото алат.
3. Ар кандай себептер менен Макулдашуунун колдонулунгун токтотуу ушул Макулдашуунун 5-беренесинин жоболоруна таасир эте албайт.
11 -берене
Текст жана кол коюу
1. Ушул Макулдашуу эки нускада даярдалды, ар бири кыргыз, орус, тγрк жана англис тилдеринде, мында бардык тексттер бирдей кγчкѳ ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелѳѳдѳ пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу кγчкѳ ээ болот.
2. Жогоруда баяндалгандардын алкагында, ушул Макулдашууга Тараптардын ыйгарым укуктуу ѳкγлдѳрγ тарабынан Кыргыз Республикасынын_______ шаарында 2016-жылдын «__»_____________кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн атынан
колу:
| Туркия Республикасынын Ѳкмѳтγнγн атынан
колу:
|