Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 16-декабры № 548-б
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Индия Республикасынын Жаштар иштери жана спорт боюнча министрлигинин ортосундагы Жаштарды ѳнγктγрγγ чѳйрѳсγндѳгγ кызматташтык жѳнγндѳ ѳз ара тγшγуγнγшγγ тууралуу меморандумдун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Жаштар иштери,
дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Индия
Республикасынын Жаштар иштери жана спорт боюнча
министрлигинин ортосундагы Жаштарды ѳнγктγрγγ чѳйрѳсγндѳгγ
кызматташтык жѳнγндѳ ѳз ара тγшγнγшγγ тууралуу меморандум
Мындан ары "Тараптар", ал эми ѳз алдынча "Тарап" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Индия Республикасынын Жаштар иштери жана спорт боюнча министрлиги,
эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы достук мамилелерди чындоону жана ѳнγктγрγγнуγ ѳз ара каалоону жетекчиликке алып,
жаштар иштери боюнча мамлекеттик органдар, улуттук, региондук жана башка жаштар уюмдарынын ортосунда кеңири ѳз ара аракеттендγγ аркылуу, тең укуктуулук принциптерине негизделген эл аралык кызматташууну кеңейтγγнγ жана ѳркγндѳтγγнγ каалоону ырастап,
жаштар саясаты жаатында тыгыз ѳз ара байланышты жана кызматташтыкты тγзγγ Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын жаш муундарынын ѳкγлдѳрγнγн ортосундагы ѳз ара тγшγнγшγγнγ терендетγγгѳ кѳмѳк кѳрсѳтѳ тургандыгына ишенγγ менен, тѳмѳндѳгγлѳр жѳнγндѳ макулдашты:
1- берене. Максаттар
1.1. Бул Меморандумдун максаты Тараптардын ортосунда билимдерди, тажрыйбаларды жана ресурстарды алмашуу, ошондой эле жаштарды ѳнγктγрγγ чѳйрѳсγндѳ эки ѳлкѳнγн ортосундагы узак мѳѳнѳттγγ кызматташтыкты ѳнγктγрγγ болуп саналат.
1.2. Ар бир Тарап ѳз ѳлкѳлѳрγндѳ иш-аракетти жѳнгѳ салуучу ѳз мамлекетинин мыйзамдарына, эрежелерине, жоболоруна ылайык Тараптардын ортосунда ѳз ара пайдалуу жана макулдашылган жаштарды ѳнγктγрγγ жаатындагы кызматташтыкты ѳнγктγрγγнγ колдоо жана кѳмѳк кѳрсѳтγγ γчγн зарыл болгон чараларды кѳрγшѳт.
2- берене. Кызматташуу чѳйрѳсγ
Тараптар кызматташтык тѳмѳнкγ чѳйрѳлѳрдγ камтый тургандыгын макулдашты:
2.1. Жаштар лидерлиги жана инсандык ѳнγгγγ программасы.
2.2. Жаштар, жаштар уюмдары жана жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери γчγн алмашуу программалары.
2.3. Жаш ишкерлер γчγн программалар.
2.4. Окуялар (съезддер, симпозиумдар, конгресстер, конференциялар, семинарлар, тренингдер, фестивалдар, форумдар, брифингдер, кѳргѳзмѳлѳр, конкурстар, жолугушуулар) жѳнγндѳ маалымат алмашуу жана Тараптардын мамлекеттеринин аймагында ѳткѳрγлγγчγ иш-чараларга ѳз ѳкγлдѳрγнγн катышуусуна кѳмѳк кѳрсѳтγγ.
3- берене. Жооптуу тγзγмдγк бѳлγмдѳр
3.1. Тараптар ушул Меморандумдун алкагындагы кызматташтык чѳйрѳсγндѳ маалымат берγγ жана кѳмѳк кѳрсѳтγγ γчγн тѳмѳнкγлѳр жооптуу боло тургандыгын макулдашты:
(a) Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тараптан - тармактык саясат жана эл аралык байланыш бѳлγмγ;
(b) Индия Республикасынын Жаштар иштери жана спорт боюнча министрлиги тараптан - жаштар иштери боюнча бѳлγм.
3.2. 3.1-пунктта аталган тγзγмдγк бѳлγмдѳр тѳмѳнкγлѳр γчγн жооптуу болушат:
(a) Меморандумду ишке ашыруунун жγрγшγ жѳнγндѳ отчетторду жана сунуштамаларды Тараптардын Меморандумду ишке ашырууга кѳмѳк кѳрсѳтγшγ мγмкγн болгон тийиштγγ органдарына берγγгѳ;
(b) ушул Меморандумга ылайык биргелешкен долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга кѳмѳк кѳрсѳтγγ максатында тараптардын ар биринин тиешелγγ органдары менен байланышты кармоого;
(c) ушул Меморандумду ишке ашырууга каражаттар болгон шартта ар бир конкреттγγ учур γчγн финансылык кесепеттерди жана чараларды баяндоону кошкондо, деталдуу программаларды даярдоого.
4- берене. Каржылоо
4.1. Тараптар ушул Меморандумду ишке ашыруудагы финансылык шарттар ар бир ѳзγнчѳ учурда ѳз ара макулдашылган негизде консультацияларды жγргγзγγ аркылуу чечиле тургандыгын макулдашты.
5- берене. Ишке ашыруу
Тараптар тѳмѳнкγлѳр жѳнγндѳ макулдашты:
5.1. Ушул Меморандумдун алкагында аталган чѳйрѳлѳрдѳгγ кызматташтыкты ишке ашыруу биргелешип сγйлѳшγлγγчγ жана ѳзγнчѳ протоколдор менен таризделγγчγ конкреттγγ макулдашууларга жараша болот.
5.2. Негиз болуучу принцип катары ар бир Тарап ѳз ѳлкѳлѳрγнγн мыйзамдарына, жол-жоболоруна, жоболоруна ылайык программаларды биргелешип ишке ашырууну координациялоого жоопкерчилик тартышат.
5.3. Ресурстардын болушуна жараша тараптар Меморандумду ишке ашыруу γчγн зарыл болгон жардамды бири-бирине кѳрсѳтγшѳт.
Ар кандай программаны ишке ашыруу ар бир Тараптын каражатына жараша болот.
6- берене. Талаштарды жѳнгѳ салуу жана Меморандумдун колдонулушун токтотуу
Тараптар тѳмѳнкγлѳр жѳнγндѳ макулдашты:
6.1. Ушул Меморандумга ар кандай оңдоолорду киргизγγ же анын колдонулушун токтотуу ушул Меморандумдун жоболорунун негизинде макулдашылган жана анын колдонулушун токтотуу учуруна карата аяктабаган башка программаларды ишке ашырууга таасирин тийгизбеши керек.
6.2. Ушул Меморандумдун пункттарын ишке ашыруудагы тγшγнбѳѳчγлγктѳргѳ байланыштуу келип чыккан бардык талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда сγйлѳшγγлѳрдγ жγргγзγγ аркылуу тынчтык жолу менен чечилет.
7- берене. Меморандумдун кγчγнѳ кириши жана колдонулуу мѳѳнѳтγ
Тараптар тѳмѳнкγлѳр жѳнγндѳ макулдашты:
7.1. Ушул Меморандум кол коюлган учурдан тартып кγчγнѳ кирет жана 3 жыл колдонулат, эгерде Тараптардын бири анын колдонулушун токтотуу ниети жѳнγндѳ тийиштγγ мезгил аяктаганга чейин γч (3) ай мурда билдирбесе кийинки γч жылдык мезгилдерге автоматтык тγрдѳ узартылат.
______________шаарында 2016-жылдын «__________»__________________
эки тγп нускада, ар бири кыргыз, хинди, орус, англис тилдеринде тγзγлдγ, мында бардык тексттер бирдей кγчкѳ ээ. Чечмелѳѳдѳ кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу кγчкѳ ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик
|
| Индия Республикасынын Жаштар иштери жана спорт боюнча министрлиги
|