Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 19 - декабры № 552-б
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлиги менен Индия Республикасынын Айыл чарба жана фермерлердин байгерчилиги министрлигинин ортосундагы Айыл чарба жана тамак-аш ѳнѳр жайы жаатында кызматташуу жѳнγндѳ макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптγγ эмес мγнѳздѳгγ ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
|
|
Расмий эмес котормо
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА, ТАМАК-АШ ѲНѲР ЖАЙЫ
ЖАНА МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН ИНДИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА ДЫЙКАНДАРДЫН БАЙГЕРЧИЛИГИ МИНИСТРЛИГИНИН ОРТОСУНДАГЫ
АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА ТАМАК-АШ ѲНѲР ЖАЙЫ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШУУ ЖѲНYНДѲ
МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлиги жана Индия Республикасынын Айыл чарба жана дыйкандардын байгерчилиги министрлиги (мындан ары «Тараптар»), рыноктук мамилелер γчγн жагымдуу шарттарды бузбай туруп, айыл чарба жана тамак-аш ѳнѳр жай тармагында ѳз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтγγ максатында, тѳмѳнкγлѳр тууралуу макулдашты:
1- берене.
Тараптар ар бир Тараптын мамлекет мыйзамдарына ылайык, жалпы кызыкчылыктарды кѳздѳгѳн айыл чарба тармагында кызматташтыкты ѳнγктγрγшѳт. Бул Макулдашуу эки ѳлкѳнγн ортосундагы эки тараптуу макулдашуулардын жана Тараптардын ар бири кол койгон эл аралык келишимдер жана макулдашуулардын негизинде тараптардын милдеттерине таасир этпейт.
2- берене
Тараптар тѳмѳнкγ багыттар боюнча кызматташууну жγзѳгѳ ашырат:
1. Маалымат, нормативдик актылар, стандарттар жана ѳз ара кызыкчылык туудурган продукциялардын γлгγлѳрγн алмаштыруу;
2. Илимий-изилдѳѳ мекемелердин ортосундагы айыл чарба жана тамак-аш ѳнѳр жай тармагындагы илимий жана экономикалык иш-чаралар (жарманкелер, кѳргѳзмѳлѳр, конференциялар, симпозиумдар. биргелешкен семинарларды, практикумдарды ѳткѳрγγ ж.б.) жѳнγндѳ маалымат алмашуу;
3. Биргелешкен илимий изилдѳѳлѳрдγ ишке ашыруу жана илимий натыйжаларды ѳз ара пайдалануу;
4. Айыл чарба адистигиндеги студенттердин эл аралык алмашуусу γчγн колдоо кѳрсѳтγγ жана эки ѳлкѳнγн жогорку окуу жайларынын ортосундагы маалымат алмашуу;
5. Мал чарбачылыгы, майда мал (кой-эчки) тармагында тажрыйба алмашуу, канаттуулар тумоосу жана шарп оорусунун алдын алуу (генетикалык материал менен алмашуу, сγттγγ жана эттγγ бодо мал тукумунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ж.б. γчγн акыркы илимий-изилдѳѳ жана технологиясынын негизинде);
6. Ветеринария тармагында тажрыйба алмашуу/кызматташуу, мал чарбачылыгы тармагындагы эксперттердин иш сапарлары менен
алмашуу, ѳндγрγш бирдиктерин иштеп чыгуу жана ишке киргизγγ тармагында сγт чарбасын ѳнγктγрγγ боюнча Улуттук кеңеш (NDDB) менен кызматташуу;
7. Заманбап технологиялардын негизинде γрѳн ѳндγрγγ, ѳсγмдγктѳрдγ ѳстγрγγ тармагында тажрыйба алмашуу, Тараптардын мыйзамдарына ылайык γрѳн кγбѳлγгγн берγγ жѳнγндѳ маалыматтарды алмашуу, ѳз ара пайдалуу шартта γрѳн γлгγлѳрγн алмашуу;
8. Ѳсγмдγктѳрдγн сортторун коргоо укуктарын сактоо тармагында кызматташуу;
9. Сугаттын ар кандай тγрγн киргизγγ жана тажрыйба алмаштыруу, анын ичинде тамчылатып сугаруу, чакан сугаруу жана индиялык пилоттук долбоор тγзγγ (кѳргѳзмѳ тилкесинде тамчылатып сугаруу, кγнѳсканалар жана γрѳн системалары);
10. Кийинки каттоо γчγн ар кандай жер семирткичтердин жана ѳсγмдγктѳрдγ коргоо каражаттарынын натыйжалуу пайдалануу боюнча илимий изилдѳѳлѳрдγ жγргγзγγ;
11. Айыл чарба, тамак-аш соода жана багбанчылык жаатында кызматташуу;
12. Биргелешкен ишканаларды тγзγγдѳ жардам уюштуруу жана азык-тγлγк рыногун ѳнγктγрγγ жѳнγндѳ маалымат алмашуу;
13. Тамак-аш продукциясын кайра иштетγγ жана пакеттѳѳ технологияларын натыйжалуу пайдалануу боюнча маалымат/технологияларды алмашуу;
14. Азык-тγлγк коопсуздугу жана стандарттары боюнча, айыл чарба, бакчылык тармагында изилдѳѳ жана билим берγγ боюнча кызматташуу; Пост-жыюу жоготууларды азайтуу максатында жашылча жана жемиштик пост-жыюу башкаруу чѳйрѳсγндѳ багбанчылык, илимий маалыматтар жана технологиялар жѳнγндѳ Муздаткыч чынжырларын ѳнγктγрγγ боюнча Улуттук борбору (NCCD) аркылуу маалыматтарды алмашуу;
15. Балык чарбачылыгы жана балыкчылык тармагында кызматташуу;
16. Тараптардын ортосунда ѳз ара жазуу жγзγндѳ макулдашылган башка ар кандай багыттары боюнча.
3-берене.
Ѳсγмдγк жана мал азыктары, техника жана башка товарлар, ошондой зле аткарылган иштер менен соода-сатык/алмашуу, Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык жана Тараптар мγчѳлѳрγ болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык ишке ашырылат. Кызматташуунун мазмуну, кѳлѳмγ жана тγрлѳрγ кѳз карандысыз талкуулоо болот.
4- берене
Тараптар Тараптардын ѳкγлдѳрγнѳн турган тѳмѳнкγ милдеттерди аткара турган жумушчу топ тγзѳт:
а) Кызматташуунун Планын даярдоо;
б) Ушул Макулдашууну жγзѳгѳ ашыруунун жγрγшγндѳ келип чыккан маселелерди чечγγ менен камсыз кылуу;
с) Тараптар тарабынан аныкталган милдеттерди ишке ашыруу;
Жумушчу топтун отурумдары кезеги менен Индия Республикасында же Кыргыз Республикасында ар бир эки жылда бир ѳткѳрγлѳт. Жумушчу топтун отурумунун датасы жана талкуулай турган маселелери жѳнγндѳ кѳбγрѳѳк маалымат алуу γчγн дипломатиялык каналдар аркылуу Тараптардын макулдашуусу керек.
5- берене
Жѳнѳтγγчγ Тарап, жумушчу топтун отурумдарына ѳкγлдѳрдγн катышуусу менен байланышкан чыгымдарды (алардын жол жγрγγсγ, жашоосу жана тамактануусу) кѳтѳрѳт. Кабыл алуучу Тарап жумушчу топ ѳкγлдѳрγнγн жыындарда катышуусу менен байланышкан чыгымдарды, ѳзгѳчѳ тренингдерди, конференцияларды, семинарларды жана конгресстерди ѳткѳрγγ менен байланышкан уюштуруучулук чыгымдарды тартат. Келишим тγзγγчγ Тараптар каражаттардын болушу менен шартталган, бул Макулдашууну жγзѳгѳ ашыруу боюнча иш-чараларды кѳрѳт. Кызматташуунун каржы жана деталдуу шарттары келишим тγзгѳн Тараптардын ортосунда жеке тѳлѳмдѳр боюнча кѳз каранды болот.
6- берене,
Ушул Макулдашуунун алкагындагы иш-чаралар ар кандай интеллектуалдык менчик укуктарына коргоо болсо, Тараптар ар бир ѳлкѳнγн эрежелерине жана ченемдерине ылайык, ээлик кылууга жана мындай укуктар менен башкарууга конкреттγγ караган сыяктуу иш-чараларды ѳткѳрγγгѳ чейин ѳзγнчѳ макулдашууларды тγзѳт. Бул Макулдашуунун максаттары γчγн «интеллектуалдык менчик» Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашуунун (ТРИПС) 1-беренесинде кѳрсѳтγлгѳн мааниде тγшγндγрγлѳт.Тараптар мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына жана катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерине ылайык Макулдашуунун алкагындагы кызматташуудан алынган интеллектуалдык менчик укуктарын татыктуу коргоону камсыз кылат.
Басылмалар:
Ушул Макулдашууга ылайык Тараптардын биргелешкен ишинин натыйжасында келип чыккан ар кандай басылма, документ жана/же кагаз биргелешкен менчикте болот. Ар кандай басылмада, документте жана/же болбосо кагазда Тараптардын аты-жѳнγн, логотибин жана / же расмий эмблемасын пайдалануу Тараптардын алдын-ала макулдугун талап кылат. Бул расмий эмблема жана логотип башка максаттарга пайдаланылышы мγмкγн эместигинине кепилдик бере алат.
Конфиденциалдык маалымат:
Макулдашууга ылайык алмаштырылуучу бардык маалыматтар жана документтер, ачкан тараптын ѳзгѳчѳ менчиги болуп саналат жана Тараптар тарабынан конфиденциалдуу тγрдѳ сакталат жана Тараптардын ар бири кѳрсѳткѳндѳй шарттарды сактоону эске алуу менен колдонулат. Тараптар бул маалыматты γчγнчγ тарапка беришпейт, ошондой эле эгерде башка Тараптын алдын ала жазуу жγзγндѳгγ макулдугу жок кандайдыр бир башка максаттар γчγн бул маалыматты колдонбоого тийиш.
7- берене
Тараптардын ѳз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга ѳзгѳртγγлѳр киргизилиши мγмкγн жана алар Макулдашууга анын ажырагыс бѳлγгγ катары тийиштγγ протоколдор аркылуу киргизилет.
8- берене
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелѳѳ же колдонууга байланыштуу келишпестиктер кеңешγγ жана сγйлѳшγγлѳр жолу менен чечилет,
9- берене
Бул Макулдашуу кол коюлган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирет жана беш жылга тγзγлѳт. Бул Макулдашуу Тараптардын алты ай ѳткѳнгѳ чейин бири-бирине бул Макулдашуунун кγчγн токтотуу жѳнγндѳ ѳз ниетин башка Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жγзγндѳ билдируу жѳнѳтпѳсѳ, беш жылдык мѳѳнѳткѳ ѳзγнѳн ѳзγ узарат.
Эгерде Тараптар башка тууралуу келишип алышпаса, бул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ага ылайык жγзѳгѳ ашырылган ишке, ага ылайык башталган, бирок бγтпѳй калган ишке карата жайылтылбайт.
2016-жылдын «_________» _________, ___________________ шаарында
зки тγп нускада, ар бири кыргыз, орус, хинди жана англис тилинде тγзγлгѳн, мында бардык тексттер бирдей кγчкѳ ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелѳѳдѳ пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар англис тилиндеги текстти колдонушат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлигинин атынан
|