Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 22-декабры № 561-б
Принциптγγ эмес мγнѳздѳгγ ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ укугу менен, 2016-2026-жылдарга Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Узак мѳѳнѳттγγ кызматташтык программасынын тиркелген долбоору жактырылсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
2016-2026 - жылдарга (кγн-календары боюнча 1395-1405 - жылдарга)
Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын
ортосундагы Узак мѳѳнѳттγγ кызматташтык программасы
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасы эки тараптуу мамилелерди мындан ары ѳнγктγрγγгѳ ѳз ара аракеттенип, тѳмѳнкγлѳргѳ негизденγγ менен:
2015-жылдын 4-5-сентябрында, тиешелγγ тγрдѳ 1394-жылдын 13-14-шахриварасында ИИРге кыргыз мамлекетинин башчысынын расмий сапарынын жγрγшγндѳ жасалган, салттуу достук байланыштарга жана ѳз ара пайдалуу кызматташтыкка таянып, Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын Президенттеринин Биргелешкен билдирγγсγнγн негизги жоболорун, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин жетекчиликке алыш, тѳмѳнкγ чѳйрѳлѳрдѳ 2016-2026-жылдары эки тараптуу кызматташтыкты ѳнγктγрγγ ниеттерин билдиришти:
1. Саясий чѳйрѳ
1. Тараптар эки тараптуу мамилелерди бекемдѳѳ боюнча иштерди улантат, жогорку жана бийик деңгээлдерде тыгыз байланыштарды колдойт, эки тараптуу мамилелерди, ѳз ара кызыкчылыктарды жараткан эл аралык жана региондук кызматташтыкты ѳнγктγрγγ маселелери боюнча пикир алмашууну тынымсыз жγргγзγшѳт.
2. Тараптар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Иран Ислам Республикасынын Исламдык Кеңешинин Жыйынынын жана достук тобунун профилдγγ комитеттеринин жетекчилеринин ортосундагы жана башка деңгээлдердеги алмашуу жана ѳз ара иш сапарларды ѳнγктγрγγнγ колдойт.
3. Тараптар саясий консультацияларды γзгγлтγксγз ѳткѳрγп турат, ѳкмѳттγк органдардын ортосундагы байланыштарды демилгелейт жана ѳнγктγрѳт, эки ѳлкѳнγн тийиштγγ органдарынын ортосундагы γзгγлтγксγз байланышты колдойт.
4. Тараптар БУУнун жана башка эл аралык жана региондук уюмдардын алкагында кызматташтыкты бекемдейт, бγткγл дγйнѳдѳ тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту колдоодо БУУнун борбордук ордун бекемдейт, башка маселелерде да БУУнун натыйжалуулугун кѳтѳрγγ жана реформалоодо кызматташтыкты бекемдѳѳнγ улантат.
2. Соода жана экономика
1. Тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирγγ боюнча иштерди улантат, практикалык кызматташтыктын эки тараптуу, ар тараптуу ири долбоорлорун ишке ашырууну биргелешип алдыга жылдырат жана ыкчам мѳѳнѳттѳ ишке ашырат.
2. Тараптар эки тараптуу соода жѳнγндѳ статистикалык маалыматтарды алмашуу, тышкы экономикалык иштерди башкаруу чѳйрѳсγндѳ жана экономикалык ѳнγгγγ стратегиялары жана кѳрγлгѳн чаралар, ошондой эле тендер жана соода иш-чаралары жѳнγндѳ маалымат алмашууда туруктуу негизде кызматташат.
3. Тараптар товар жγгγртγγнγ кенейтγγ, соода тγзγмγн оптималдаштыруу жана эки тараптуу сооданы тең салмакта ѳнγктγрγγ γчγн ар тараптуу чараларды активдγγ кѳрγшѳт.
4. Тараптар эки тараптуу соодага жагымдуу шарттарды тγзγγ, инвестициялык климатты ѳз ара жакшыртуу, инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо γчγн биргелешип кγч жумшашат.
5. Тараптар финансы-кредиттик мекемелер ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт, инвестициялык - соода жарманкелерди жана форумдарды ѳткѳрγγгѳ, соода делегацияларын жиберишγγгѳ маани беришет. Ошондой эле ар кандай ишканаларды тγзγγнγ жана ѳнγктγрγγнγ, анын ичинде чакан жана орто бизнести колдоого алышат.
6. Тараптар банктык ѳз ара мамилелерди ѳнγктγрγγнγ, эки ѳлкѳнγн коммерциялык банктарын соода мамилелерин ѳнγктγрγγ γчγн кыска жана узак мѳѳнѳттѳгγ кредиттик линияларды берγγдѳ жана эки тараптуу соода жγгγртγγдѳ улуттук (жергиликтγγ) валютаны колдонуунун тиешелγγ ыкмаларын изилдѳѳнγ колдоого алышат.
7. Тараптар тоо-кен жана геологиялык чалгындоо чѳйрѳсγндѳ жана тоо-кен тармагында адистердин делегациясын жиберишγγ менен ѳнγктγрγγ жана окуу курстарын, тренингдерди ѳткѳрγγ жѳнγндѳ макулдашты.
8. Тараптар биргелешкен инвестициялык комитетти тγзγγ боюнча кγч жумшашат.
9. Тараптар эки ѳлкѳнγн ортосундагы сооданы тездетγγ жана жѳнѳкѳйлѳтγγ максатында эл аралык ташууларды ишке ашырган Тараптардын транспорттук компанияларынын айдоочулары γчγн паритеттик негизде визасыз режимди жѳнѳкѳйлѳтγγ боюнча Тараптардын тийиштγγ органдарына чараларды кѳрγγ жѳнγндѳ кѳрсѳтмѳ берγγнγ макулдашты.
3. Энергетика жана ѳнѳр жай
1. Тараптар электр энергетика, мунайгаз, гидроэнергетикалык жана башка жааттарда, энергетика жана ѳнѳр жай жаатында тийиштγγ долбоорлорду ишке ашыруудагы кызматташууну кошкондо энергиянын жаны булактары чѳйрѳсγндѳ эки тараптуу энергетикалык кызматташтыкты кеңейтγγгѳ жана бекемдѳѳгѳ ниеттенишет.
2. Тараптар 2015-жылдын 5-сентябрындагы, тиешелγγ турдѳ 1394-жылдын 14-шахриварасындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иран Ислам Республикасына расмий сапарынын жγрγшγндѳ кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана ѳнѳр жай министрлиги менен Иран Ислам Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы Энергетика, гидроресурстар жана энергия жаатында кызматташтык жѳнγндѳгγ меморандумдун негизинде тыгыз ѳз ара байланышта болушат. Ушул Келишимдин негизинде Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптардын узак мѳѳнѳттγγ ѳз ара аракетин кепилдикке алуучу механизм тγзγлѳт.
3. Тараптар окутуу чѳйрѳсγндѳ, анын ичинде гидроэлектростанцияларды, электр берγγ линияларын куруу жана энергиянын альтернативдγγ булактарын (кγн, шамал энергиясын, биоэнергияны) ѳздѳштγрγγ жаатында кызматташтыкты ѳнγктγрγшѳт.
4. Тараптар жабдууларды жана тиричилик техникасын, металлургияны, курулуш материалдарын ѳндγрγγ жаатында инвестициялык кызматташтыкты кароого, айыл чарбасы, кайра иштетγγчγ жана жеңил ѳнѳр жайы, туризм чѳйрѳсγндѳ биргелешкен ишканаларды тγзγγгѳ, ошондой эле турак-жай жана шаардык курулуш тармагында тажрыйба алмашууну ишке ашырууга даяр.
4. Транспорт жана коммуникация
1. Тараптар альтернативдик транспорттук ташууларды тγзγγ жана трансчекаралык транспорттук дараметти ѳнγктγрγγ максатында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Транзиттик - транспорттук координациялык кеңешинин (ТТКК) комитетинин ишине активдγγ катышат.
2. Тараптар эки ѳлкѳнγн ортосунда автоташууларды ишке ашыра турган транспорттук компаниялардын иштери γчγн артыкчылыктуу шарттарды тγзγγгѳ кγч жумшашат жана кызматкерлердин мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын толук коргоону камсыздоо γчγн чараларды кѳрѳт.
3. Тараптар 2015-жылдын 5-сентябрында, тиешелγγ тγрдѳ 1394-жылдын 14-шахриварасында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги менен Иран Ислам Республикасынын Жарандык авиация уюмунун ортосундагы Аба транспорту жѳнγндѳ ѳз ара тγшγнγшγγ тууралуу меморандумдун негизинде жана рыноктук принциптерге ылайык эки ѳлкѳнγн ортосундагы тγз авиакаттамды калыбына келтирγγнγн маанилγγлγгγн белгилешти.
4. Тараптар эксперт-темир жолчулар γчγн окуу курстарын ѳткѳрγγгѳ, темир жол линияларын долбоорлоону жана курууну иликтѳѳгеѳ, вагондорду ондоо боюнча биргелешкен цехтерди уюштурууга, инженердик-техникалык кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγ экспорттоого жана жγргγнчγлѳр вагондорун сатууга, жγк ташуучу, жγргγнчγлѳр γчγн вагондорду, локомотивдерди жана арабачаларды оңдоо жана реконструкциялоого кошо катышууга ѳздѳрγнγн даярдыгын билдиришти.
5. Айыл чарба жана кайра иштетγγчγ ѳнѳр жай
1. Тараптар 2015-жылдын 5-сентябрында, тиешелγγ тγрдѳ 1394-жылдын 14-шахриварасында кол коюлган, айыл чарба жаатында кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Иран Ислам Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы Ѳз ара тγшγнγшγγ жѳнγндѳ меморандумдун негизинде жана укуктук базаны мындан ары ѳркγндѳтγγ жолу менен айыл чарба чѳйрѳсγндѳ кызматташтыкты активдештиришет.
2. Тараптар айыл чарба жаатында кызматташтыкты бекемдешет, айыл чарбасын жана чакан энергетиканы, айыл чарба азыктарын кайра иштетγγ боюнча ишканаларды механикалаштыруу жаатында биргелешкен долбоорлор боюнча кызматташтыкты колдойт. Тараптар агрардык илимдер жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле Кыргызстанда кайра иштетγγчγ ишканаларды, айыл чарба азыктарын кайра иштетγγ боюнча демонстрациялык борборлорду жана логистикалык борборлорду тγзγγнγ колдойт.
3. Тараптар мал чарбачылык тармактарын ѳнγктγрγγ боюнча эки ѳлкѳнγн ишканаларын колдойт. Тараптар ошондой эле тиешелγγ эл аралык ченемдердин жана эки ѳлкѳнγн улуттук мыйзамдарынын негизинде жана фитосанитардык стандарттардын жана ветеринардык инспекциянын талаптарына ылайык ветеринардык инспекцияны жана фитосанитардык талаптарды сактоо боюнча кызматташат.
4. Тараптар эки ѳлкѳнγн ортосундагы айыл чарба азыктарын ѳз ара экспорттоого жана импорттоого шарттарды тγзγγ жана уруксат берγγ γчγн Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы ветеринардык инспекциялардын ѳз ара иштешγγ жана кызматташуу механизмин тγзγγгѳ аракеттерди кѳрγшѳт.
5. Тараптар Кыргыз Республикасынын айыл-чарба жана башка ѳнѳр жай продукцияларын дγйнѳлγк рынокко экспорттоо жана транзит менен алып ѳтγγ γчγн Иран Ислам Республикасынын портторун колдонуу менен байланышкан маселелерди чечγγ γчγн чараларды кѳрγшѳт.
6. Тараптар ирригацияны ѳнγктγрγγ, жаны технологияларды киргизγγ жана ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууда алдынкы тажрыйбаларды алмашуу чѳйрѳсγндѳ кызматташууну бекемдешет.
7. Тараптар айыл-чарба азыктарын ѳз ара соодалашууну ѳнγктγрγγ боюнча кызматташууну кеңейтишет.
6. Региондук кызматташуу
1. Тараптар эки тараптуу региондук кызматташууну кеңейтγγ γчγн биргелешкен кγч-аракеттерди кѳрγшѳт, Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын провинцияларынын жана облустарынын ортосунда достук мамилелерди тγзγγнγн санын кѳбѳйтγγгѳ эки ѳлкѳнγн тышкы иштер министрликтери аркылуу кѳмѳк кѳрсѳтγшѳт.
2. Тараптар Кыргыз Республикасынын Ысык-Кѳл жана Ош облустары менен Иран Ислам Республикасынын Мезандаран жана Хорасан Резави провинцияларынын кызматташуусуна, ошондой эле эки ѳлкѳнγн тышкы иштер министрликтери аркылуу боордоштук байланыштар линиясы боюнча эки тараптуу ѳз ара иштешγγнγ активдештирγγгѳ ѳзгѳчѳ маани беришет.
7. Маданий-гуманитардык, илимий-техникалык, туристтик чѳйрѳлѳрдѳ жана саламаттык сактоо жаатында кызматташуу
1. Тараптар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Иран Ислам Республикасынын "Седа ва Сима" телерадиокомпаниясынын ортосунда 2015-жылдын 5-сентябрында, тиешелγγ тγрдѳ 1394-жылдын 14-шахриварында кол коюлган Кызматташуу жѳнγндѳ меморандумдун негизинде теле кѳрсѳтγγ программаларын, анын ичинде фильмдерди, телесериалдарды, анимациялык фильмдерди жана музыкаларды алмашат.
2. Тараптар маданий жана чыгармачылык кызматташууну ѳнγктγрγγ γчγн, анын ичинде кино жумаларын, фестивалдарды, маданий жана чыгармачылык форумдарды жана кѳргѳзмѳлѳрдγ ѳткѳрγγ жолу менен кγч-аракет жумшашат, башка ѳлкѳнγн аймагында чыгармачыл топтордун, анын ичинде кинематографиялык жана музыкалык топтордун гастролдорун жана чыгууларын, ошондой эле билим берγγ чѳйрѳсγндѳ кызматташтыкты ѳнγктγрγγгѳ, маданият жана искусство ишмерлерин ѳз ара жиберишγγгѳ жана квалификациясын жогорулатууга кѳмѳк кѳрсѳтγшѳт.
3. Тараптар маалыматтык кызматтардын ортосунда саясий, экономикалык, маданий, илимий-спорттук жана жаштар чѳйрѳлѳрγндѳ маалыматтар жана жаңылык пакеттерин алмашууну ишке ашырышат.
4. Тараптар жаштар мекемелеринин жана уюмдарынын кызматташуусун бекемдешет, эки ѳлкѳнγн жаштарынын ортосундагы ѳз ара тγшγнγшγγнγ жана достукту γзгγлтγксγз тγрдѳ терендетишет.
5. Тараптар мындан ары да билим берγγ чѳйрѳсγндѳ кызматташууну бекемдешет, эки ѳлкѳнγн ЖОЖдорунун ортосундагы байланыштарды колдоого алышат.
6. Тараптар саламаттык сактоо, экология, курулуш, байланыш, кен казуу, кайра иштетγγ жана тамак - аш ѳнѳр жайы, социалдык жактан коргоо системасы жааттарында адистерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматташууну ѳнγктγрγшѳт.
7. Тараптар 2016-жылдын 23-декабрында, тиешелγγ тγрдѳ 1395-жылдын 3-деясында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Иран Ислам Республикасынын Саламаттык сактоо, медицина жана медициналык билим берγγ министрлигинин ортосундагы саламаттык сактоо, медицина, фармацевтика жана медициналык жабдуулар чѳйрѳлѳрγндѳ биргелешип кызматташуу жѳнγндѳ ѳз ара тγшγнγшγγ тууралуу меморандумдун жоболорун ишке ашыруунун маанилγγлγгγн белгилешти.
8. Тараптар дене тарбия жана спорт жаатында кызматташууну чындашат, Тараптардын биринин аймагында ѳткѳрγлγγчγ спорттук таймаштарга командаларды жиберγγгѳ колдоо кѳрсѳтγшѳт.
9. Тараптар алдыңкы туристтик компаниялардын ортосунда тажрыйба алмашуу, Тараптардын туристтик потенциалы жѳнγндѳ алдыңкы басылмалардагы жана Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын телеканалдарындагы маалыматтарды алмашуу аркылуу туризм жаатында кызматташууну ѳнγктγрγшѳт.
10. Тараптар эки тараптуу спорттук кызматташууну жогорулатууга, анын ичинде эксперттерди, калыстарды, машыктыруучуларды, спорттук командаларды ѳз ара жиберишγγгѳ, эки ѳлкѳнγн эксперттеринин жана адистеринин илимий-спорттук эл аралык иш - чараларга жана билим берγγчγлγк-техникалык тажрыйба алмашууга катышууга маани беришет.
11. Тараптар эки ѳлкѳнγн маданий-тарыхый имараттарын жана курулмаларын сактоо жана реставрациялоо методдору жѳнγндѳ тажрыйба жана маалымат алмашууга жана маданий кызматташууга, анын ичинде музейлик кѳргѳзмѳлѳрдγ, мастер-класстарды, адистештирилген форумдарды жана музей иштери боюнча окутуу тренингдерин ѳткѳрγγгѳ чоң маани беришет.
12. Тараптар эки ѳлкѳнγн менчик туристтик секторлорун бири-биринин аймактарындагы эл аралык туристтик кѳргѳзмѳлѳрдѳ активдγγ катышуусунда жана туризм боюнча кызматташууну ѳнγктγрγγдѳ колдоого маани беришет.
13. Элдик дипломатиянын алкагында Тараптар эки ѳлкѳнγн мыйзамдарына ылайык тийиштγγ коомдук уюмдардын ортосундагы кызматташууну ѳнγктγрγγгѳ жана эки ѳлкѳнγн элдеринин ортосундагы байланыштарды чындоого кѳмѳк кѳрсѳтγшѳт.
8. Коопсуздук, табигый кырсыктарга карты курешуу жана айлана-чойрену коргоо
1. Тараптар укук коргоо, финансылык контролдоо органдары. коргоо ведомстволору жана коопсуздук кызматтары линиялары боюнча коопсуздук жаатында кызматташууну ѳнγктγрγγнγ улантышат.
2. Тараптар терроризмге, экстремизмге, сепаратизмге, банги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жγгγртγγгѳ, ошондой эле улуттар аралык уюшулган кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга, адам сатууга, киберкылмыштуулукка, акчанын изин жашырууга, терроризмди жана экстремизмди каржылоого каршы аракеттенγγ, энергетикалык объектилердин коопсуздугун камсыздоо жаатында биргелешкен билим берγγ курстарын жана семинарларын уюштуруу жолу аркылуу ар бир Тараптын ички мыйзамдарына ылайык тыгыз кызматташтыкты улантышат.
3. Тараптар ЭКУга мучѳ ѳлкѳлѳрдγн экология жана глобалдуу эрγγ боюнча кызматташуу жѳнγндѳ документинин алкагында жаратылыш ресурстарын коргоо жана парник газдарынын жайылуусун азайтуу максатында экология, глобалдуу эрγγ жана климаттын ѳзгѳрγшγ боюнча кызматташууну ѳнγктγрγшѳт.
4. Тараптар каатчылыкты башкаруу жана табигый кырсыктарга каршы туруу жана гуманитардык жардам кѳрсѳтγγ боюнча билим берγγ чѳйрѳсγндѳ ѳз ара пайдалуу кызматташууга даяр экендигин билдиришет.
9. Башка жоболор
1. Тараптар ушул Программаны ишке ашыруу боюнча кызматташуу практикасында ѳз ара керектѳѳлѳрдγ, артыкчылыктарды жана мγмкγнчγлγктѳрдγ эске алуу менен такташат жана ишке ашырышат. Ушул максатта эки ѳлкѳнγн ѳкмѳттѳрγнγн, мамлекеттик органдарынын, ошондой эле тийиштγγ уюмдардын жана ишканалардын ортосунда тийиштγγ багыттар боюнча кызматташуу жѳнγндѳ ѳзγнчѳ документтер тγзγлѳт. Аталган документтердин колдонуу мѳѳнѳттѳрγ ар бир ѳлкѳнγн ички мыйзамдарына ылайык аныкталат.
2. Тараптардын ѳз ара макулдугу боюнча ушул Программа жетишилген натыйжаларды, ошондой эле эки ѳлкѳнγн ортосундагы кызматташууну ѳнγктγрγγдѳгγ жаңы муктаждыктарды жана мγмкγнчγлγктѳрдγ эске алуу менен толукталышы жана такталышы мγмкγн. Бардык ѳзгѳртγγлѳр жана толуктоолор ушул Программанын ажырагыс бѳлγгγ болуп саналган ѳзγнчѳ протоколдор менен таризделет.
3. Ушул Программанын алкагындагы кызматташуу механизмдери жана ушул Программада каралган иш-аракеттерди контролдоо аталган маселелерди γзгγлтγксγз кароочу жана ушул Программаны ийгиликтγγ ишке ашыруу боюнча зарыл болгон сунуштамаларды киргизγγчγ Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык жана маданий-илимий кызматташуу боюнча биргелешкен ѳкмѳттѳр аралык комиссия тарабынан ишке ашырылат.
4. Программанын жоболорун чечмелѳѳ жана ишке ашыруу менен байланышкан пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда суйлѳшγγлѳрдγ жγргγзγγ аркылуу чечилет. Программанын жоболорун ишке ашыруу Тараптардын ортосунда тγзγлгѳн башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарга жана милдеттерге таасирин тийгизбейт.
5. Ушул Программа 1395-жылдын 3-деясына туура келген 2016-жылдын 23-декабрында кγчγнѳ кирет жана Тараптардын бири экинчи Тарапка алдын ала 6 ай мурун жазуу жγзγндѳ кабарламаны дипломатиялык каналдар аркылуу жѳнѳткѳнгѳ чейин 10 жыл кγчγндѳ болот.
Бишкек шаарында кγн календары боюнча 1395-жылдын 3-деясына туура келген, григориан календары боюнча 2016-жылдын 23-декабрында кыргыз, перс, орус жана англис тилдеринде тγзγлдγ, мында бардык тексттер бирдей кучкѳ ээ. Текстти чечмелѳѳдѳ пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.