Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2017-жылдын 20-февралы № 144
"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз-Республикасынын Жоруктар жѳнγндѳ кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берγγ негиздери жана аны колдонуу тартиби жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизγγ тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жѳнγндѳ жана аткаруу ѳндγрγшγ тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизγγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын натыйжалуу ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин ѳркγндѳтγγ боюнча чаралардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда тγзγлсγн.
2. Координациялык кеңештин катчылыгынын курамы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлγмγнун, экспертиза жана укуктук камсыздоо бѳлγмγнγн, финансы жана кредит саясаты бѳлγмγнγн кызматкерлеринин ичинен тγзγлѳѳрγ белгиленсин.
3. Координациялык кеңешке тѳмѳнкγдѳй укуктар берилсин;
- Координациялык кеңештин ишинин багыттары боюнча жумушчу топторду тγзγγ;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле кѳз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартуу;
- мамлекеттик бийлик, жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарынан, башка уюмдардан ѳзγнѳ жγктѳлгѳн милдеттерин ишке ашыруу γчγн зарыл болгон маалыматтарды сурап алуу.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча): - Координациялык кеңешке жана жумушчу топторго ѳз милдеттерин аткарууда туруктуу ѳз ара аракеттенγγнγ жана практикалык жардам кѳрсѳтγγнγ камсыздашсын;
- ай сайын Координациялык кеңешке аткарылган жумуш боюнча маалымат беришсин.
5. Координациялык кеңештин катчылыгы эл аралык уюмдар менен Координациялык кеңештин жана жумушчу топтордун иштерине техникалык жана финансылык жактан колдоо кѳрсѳтγγ маселесин иштеп чыксын.
6. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 29-июнундагы № 273 буйругу кγчγн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын Координациялык кеңештин катчылыгынын курамына кызматкерлери кирген тγзγмдγк бѳлγмдѳрγнѳ жγктѳлсγн.