Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2016-жылдын 7-октябры № 538
Кыргыз Республикасында Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын долбоорун иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- 2016-жылдын 11-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашырууга карата иш-чаралар планынын аткарылышына талдоону даярдасын;
- 2016-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасында Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын долбоорун иштеп чыксын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы 2016-жылдын 10-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасында Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- топторду түзүүгө;
- министрликтерден жана административдик ведомстволордон зарыл болгон маалыматтык материалдарды сурап алууга;
- өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын көз карандысыз эксперттерин өзүнүн ишине тартууга.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу-методикалык жана башка камсыздоо милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына жүктөлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.