Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2016-жылдын 13-декабры ПБ № 352
1. Кыргыз Республикасы менен Бурунди Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди тγзγγ жѳнγндѳ биргелешкен коммюникенин долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчисине жогоруда аталган Биргелешкен коммюникеге принциптγγ эмес мγнѳздѳгγ ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Бурунди Республикасынын
ортосунда дипломатиялык мамилелерди тγзγγ жѳнγндѳ
БИРГЕЛЕШКЕН КОММЮНИКЕ
Кыргыз Республикасы жана Бурунди Республикасы,
эки мамлекеттин ортосундагы достукту жана кызматташууну бекемдѳѳгѳ жана ѳз ара тγшγнγшγγгѳ кѳмѳктѳшγγ ниетинде,
Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун, анын ичинде эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту, мамлекеттер ортосундагы тендикти, улуттук эгемендикти жана аймактык бγтγндγктγ, кѳз карандысыздыкты, эл аралык келишимдерди жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпѳѳнγ бекемдѳѳ жана урматтоо принциптерин жана максаттарын жетекчиликке алуу менен,
1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жѳнγндѳ Вена конвенциясынын жана 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жѳнγндѳ Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде бул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган кγндѳн тартып кγчγнѳ кире турган дипломатиялык байланыштарды тγзγγнγ чечишти.
Ушуну ырастоо менен, тийиштγγ деңгээлде тийиштγγ мамлекеттер ыйгарым укук берген тѳмѳндѳ кол койгон ѳкγлдѳр кыргыз, орус, англис жана испан тилдериндеги эки нускадагы Биргелешкен коммюникеге кол коюшту, анын бардык тексттери тең бирдей кγчкѳ ээ. Ушул Биргелешкен коммюникенин жоболорун чечмелѳѳдѳ каршы пикирлер жаралган учурда англис тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.
________________шаарында 2016-жылдын «_______»______________тγзγлдγ
Кыргыз Республикасы γчγн
|
| Бурунди Республикасы γчγн
|
.