Редакцияот 29.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 29-декабры № 573-б

Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, 2016-жылдын кант кызылчасынын түшүмүн жыйноо үчүн зарыл болгон өндүрүштүк шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 31-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 11-пунктунда:

биринчи абзацындагы "коммуникациялар" деген сөз "жол" деген сөз менен алмаштырылсын;

төртүнчү абзацында:

"үчүн 2016-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейинки мезгил белгиленсин," деген сөздөр жана цифралар "мезгилине (2016-жылдын 1-сентябрынан 2017-жылдын 1-апрелине чейин)" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

"коммуникациялар" деген сөз "жол" деген сөз менен алмаштырылсын.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков