Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 10-марты № 67-б
1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер жактырылсын (расмий эмес котормо):
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү "Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркүндөтүү" долбоору боюнча алмашуу ноталарынын долбоору;
- "Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркүндөтүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган алмашуу ноталарынын долбооруна жана Гранттык макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |