Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 10-марты № 68-б
1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер жактырылсын (расмий эмес котормо):
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү "Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо" долбоору боюнча алмашуу ноталарынын долбоору;
- "Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган алмашуу ноталарынын долбооруна жана Гранттык макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |