Редакцияот 08.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 8-июну № 218-б

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жетекчилигинин функциялык милдеттери өзгөргөндүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддогу кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 470-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорунун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлар резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Казаков Болсунбек Күмүшбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

Тюменбаев Баккельди Рахимович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;

- ведомстволор аралык комиссиянын курамынан Мамбетжанов М.Т., Иманалиев Д.Ш. чыгарылсын.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков