Редакцияот 02.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Премьер-министринин 2017-жылдын 23-ноябры № 818 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

 2017-жылдын 2-октябры № 655

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 9-январындагы № 2 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Жумакадыров Темир Курмангазиевич

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;

Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, Комиссиянын мүчөсү;

Байдылдаев Мурат Курманбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, Комиссиянын мүчөсү;

Жумалиев Каныбек Керимбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын начальниги, Комиссиянын мүчөсү;

Мусабаев Акылбек Сүйүнтбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин контролдоону камсыз кылуу жана жумушту кабыл алуу бөлүмүнүн начальниги, Комиссиянын мүчөсү;

- комиссиянын курамынан Разаков Ж.П., Баев Э.К. чыгарылсын.

 

Премьер-министр

 

С. Дж. Исаков