Редакцияот 21.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2017-жылдын 21-апрели № 124-б

"Түндүк-Түштүк альтернативдүү автомобиль жолун куруу" долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 30-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-августундагы № 334-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 2-пунктундагы "негизинен салыктарды жабууга жумшалуучу" деген сөздөр алып салынсын;

- 3-пунктунда:

үчүнчү абзацындагы "төлөөгө," деген сөз "төлөөгө;" деген сөз менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даярдалган баалоо отчетуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин тиешелүү жылга карата республикалык бюджетинде каралган каражаттардын алкагында, "Түндүк-Түштүк альтернативдүү автомобиль жолун куруу" долбоорунун таасирине мүлкү дуушар болгон жактарга компенсация төлөөгө.". 

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков