Редакцияот 02.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 2-октябры № 441-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 315-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйруктун тиркемесинде:

- расмий тилдеги бүткүл тексти боюнча "Секретариат СО" деген сездөр "Секретариат СБ" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 84-пункттагы жана кыскартуулардын тизмесиндеги "Коргоо" деген сөз "Коопсуздук" деген сөзгө алмаштырылсын.

 

Премьер-министр

С. Ж. Исаков