Загрузка документа…
КР Президентинин 2019-жылдын 26-ноябрындагы ПБ № 257 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2018-жылдын 15-майы ПБ № 96
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 142 буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- М.Д.Абылгазиев, И.Ы.Джолдубаева, К.К.Джунушпаев, У.Т.Ахметов жана М.М.Арабаев чыгарылсын;
- Разаков Жениш Парпиевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Джамшитов Өткүрбек Асилбекович - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Абдылдаева Айнур Нуралиевна - Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Мухамеджанов Абылай Джумакадырович - Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча) киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |