Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2018-жылдын 30-марты ПБ № 56
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы № 11 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда:
төртүнчү абзацтагы "биринчи" деген сөз алынып салынсын;
бешинчи абзац "Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкында" деген сөздөрдөн кийин ", Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкында" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктунун үчүнчү абзацы "Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкында" деген сөздөрдөн кийин ", Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкында" деген сөздөр менен толукталсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |