Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 20-марты № 83-б
1. Ачык маалыматтар саясатын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- 2018-жылдын 1-апрелине чейин 2018-2019-жылдарга Ачык маалыматтар саясатын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (мындан ары - Иш-чаралар планы) долбоорун иштеп чыксын;
- кызыкдар тараптардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык сектордун, донордук коомчулуктун өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин жана консультанттардын катышуусунда Иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу процессинин ачык-айкындыгын камсыз кылсын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты ыкчам түрдө беришсин жана алардын ишине ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ачык маалыматтар саясатын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү ээлеген кызматынан бошотулган учурда анын милдеттери ошол кызматка жаңы дайындалган адамга өткөрүлөт.
6. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети ведомстволор аралык жумушчу топтун жумушчу органы болуп аныкталсын.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
Ачык маалыматтар саясатын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Турдалиев Эдуард Климович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Буржуев Азамат Чолпонбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Кулматов Кубанычбек Кеңешевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; |
Абдылдаева Айнур Нуралиевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы; |
Баяманова Зуура Эдуардовна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы; |
Шаршеев Айдин Омуралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; |
Мамбетов Азамат Муратович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы; |
Оросбаев Азамат Токтогонович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу; |
Абдрахманов Нурлан Асейинович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Асанов Курсан Сатарович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Темирбекова Айнура Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Каденова Зууракан Ажимаматовна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; |
Аликеев Сүйүнтбек Сакыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Тарбинский Олег Станиславович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Калыков Акылбек Момунтаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары; |
Асылкулов Искендер Эсенгелдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Туйбаева Айнура Абдыкалыковна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Адилбек уулу Шумкарбек | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды тартуу жана коргоо боюнча агенттигинин директорунун орун басары; |
Мурзакаримова Лариса Кочкорбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Электрондук саламаттык сактоо борборунун директору; |
Саккараева Элина Жанарбековна | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Digital CASA - Kyrgyz Republic" долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн "Ачык маалыматтар боюнча иш аракеттер планы" долбоорунун менеджери. |